Профессионалдар бардык мигранттар менен катар сынактан өтпөйт — Россиянын ФМКсы

© Sputnik / Артем Житенев / Медиабанкка өтүүЖогорку квалификациялуу адистер 2015-жылы орус тилин, Россиянын тарыхын жана мыйзам негиздерин билүүсү боюнча сынактан өтпөй койсо болот
Жогорку квалификациялуу адистер 2015-жылы орус тилин, Россиянын тарыхын жана мыйзам негиздерин билүүсү боюнча сынактан өтпөй койсо болот - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку квалификациялуу адистерден тышкаркы бардык чет элдиктер орус тилин, Россиянын тарыхын жана мыйзам негиздерин билүүсүн ырастоолору керек.

БИШКЕК, 9-фев — Sputnik. Жогорку квалификациялуу адистер 2015-жылы орус тилин, Россиянын тарыхын жана мыйзам негиздерин билүүсү боюнча сынактан өтпөй койсо болот деп билдирет РИА Новости Федералдык миграциялык кызматтын маалымат кызматына таянуу менен.

Жогорку деңгээлдеги адистер сынактан өтүүдөн бошотулду деп белгилейт ведомство.

"Мигранттар үчүн Россияда жаңы эрежелер 2015-жылын 1-январынан тартып киргизилди. Туруктуу жашоого, убактылуу жашоого уруксат же ишке патент алыш үчүн атайын сынак комиссиясынан өтүү талап кылынат. Комиссия мигранттын орус тилин билүү деңгээлин, ошондой эле РФтин тарыхы жана мыйзам негиздери боюнча билимин баалайт. Бул эреже жогорку квалификациялуу адистерден башкалардын баарына тиешелүү", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле ФМК мигранттар тесттен өтө турган канча борбор керектигин аныктоо Россиянын бардык аймактарында мониторинг жүргүзгөн. 

Ведомствонун маалыматына ылайык, 2015-жылы дээрлик 3,5 миллион мигрантты сынактан өткөрүү пландалууда.

"Орус тили, тарых жана мыйзам негиздери боюнча тесттен быйыл башка мамлекеттердин 3,4 миллиондон ашык жарандары өтөт. Алардын ичинен дээрлик 1,5 миллион мигрантка материалдарды өздөштүрүүдө колдоо көрсөтүү талап кылынат", — деп түшүндүрүштү кызматтан.

Мисалы, Оренбург жана Тамбов шаарларында Россиянын Федералдык миграциялык кызматынын чет элдик жарандарды адаптациялоо боюнча эксперименттик борборлор иштей баштады.

Тестке даяр эмес мигрант ынак комиссиясынын оң жообун алыш үчүн бир ай бою өндүрүштөн ажыратуу менен аталгандай борборлордо окуудан өтүшү керек деп баса белгилейт россиялык илимий жана педагогикалык коомчулук.

"Россия Федерациясынын аймагында 334 курс иштеп, анда чет элдиктерге орус тили, тарых жана мыйзам негиздери боюнча сабак берилүүдө. Алардын 108инде мигранттар акысыз окуп жатат, себеби кызматтын толук колдоосу менен ачылган", — деп белгилешти ФМКдан.

Жыл сайын 3-5 миллион мигрант Россияда мыйзамсыз иштеп келет. Визасыз мамлекеттерден келген жарым миллиондон ашык адам РФте болуу мөөнөтүн үзгүлтүксүз бузуп турганы аныкталат. Көпчүлүк мыйзамсыз мигранттардын коомго аралашып кирүү деңгээли төмөн, жана ушундай шартта улуттук негиздеги кылмыштар жасалган учурлар болот. Мисалы, Москвада болгон бир катар ири башаламандыктар дал ошол мигранттардын мыйзам бузууларынын натыйжасында болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0