БИШКЕК, 26-янв — Sputnik. 29-январда "Газпром" ишканасынын башкармалыгынын төрагасы жана директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары Алексей Миллер Бишкекке иш-сапар менен келет. Бул туурасында Sputnik сайтына КРдин өкмөтүнүн аппаратынан билдиришти.
Миллер министрлер кабинетинин эки ири долбоорун алып келе жатат – бири Кыргызстанды газдаштыруунун башкы схемасынын бет ачары жана республика боюнча компаниянын инвестициялык ар кыл долбоорлору.
Пландалган долбоорлор кыргыз өкмөтү бекиткенден кийин дароо ишке кирет.