00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Бюджет, госдолг и финансовая грамотность: о сотрудничестве минфинов Кыргызстана и России
08:04
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Тигүү тармагында мыйзамдуу иштөө атаандаштык артыкчылыкка айланууда
09:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Долги по алиментам и права детей: как Кыргызстан борется с неплательщиками?
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстанда ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товар алып келүү эрежелери өзгөрөт. Кандай жаңылыктар күтүлүүдө?
11:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстандагы балдар эмгеги: канча бала окуунун ордуна иштеп жатат?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Если разобраться...
Мошенничество, ДТП и мусорный завод: как проверить реальные результаты?
12:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
25 учак, 6 авиакомпания: Кыргызстан аба каттамдарын кеңейтип, авиациялык хабга айлана алабы?
13:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргызстанда жардылар оңдоо иштери жана окуу үчүн май менен ун алышат

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүАрхив: жекшембилик
Архив: жекшембилик - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өсүмдүк майын жана витаминдер менен байытылган унду колунда жок жарандар коомдук пайдалуу эмгеги үчүн алышат. Социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан өз айылдарынын көрүнүшүн оңдоп жана талапка ээ адистиктерди окуп-үйрөнүү боюнча сунуштар жасалат.

БИШКЕК, 23-янв — Sputnik. Кыргызстандын социалдык өнүктүрүү министрлиги "Эмгеги үчүн азык-түлүк" долбоору боюнча иш-чараларды баштап жатат. Жалпы суммасы 17 миллион долларды түзгөн долбоордун алкагында коомдун пайдасына жасаган эмгеги үчүн жарды адамдарга жардам көрсөтүлөт деп билдирди ведомствонун маалымат кызматы.

Январда долбоордун биринчи баскычы ишке ашырылмакчы. Кыргызстандыктарга өз айылдарынын көрүнүшүн оңдоп жана талапка ээ адистиктерди окуп-үйрөнүү боюнча сунуштар жасалат. Социалдык жактан коргоого муктаж жарандар коомдук пайдалуу ишти аткаргандыгы үчүн өсүмдүк майын, витаминдер менен байытылган ун жана башка азык-түлүктөрдү алышат. Долбоор 210 миң кыргызстандыктарды кучагына алат деп болжолууда.

Министерство чрезвычайных ситуаций Кыргызской республики - Sputnik Кыргызстан
Барак айылына гуманитардык жардам жеткирилди
Талас областынын айылдарында үч суу каналы ушундай жарандардын күчү менен кайра калыбына келтирилет. Кызыл-Октябрь, Маданият жана Кош-Таш айылдарында Чоң-Оготур, Асылбек жана Кызыл-Жар каналдары кайра оңдолот. Ошондой эле Пушкин каналын жана Казакстан менен чектеш аймакта Талас суусунун жээктерин бекемдеп оңдоо иштери да жүргүзүлөт.

Андан сырткары, Таластын Ак-Таш айылында жол кайра оңдолот.

Социалдык өнүктүрүү министрлиги менен БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын биргелешкен долбоорунда калктын коргоого муктаж катмарларына билим берүү да каралган. Мындай жардам өлкөнүн жакыр тургундары үчүн жаңы адистиктерди өздөштүрүүгө курстарын уюштуруп берүү менен көрсөтүлөт. 

Социалдык колдоого муктаж аялдар үчүн Нарын областынын Ак-Жар айылында жана Жалал-Абад областынын Казарман айылында кондитерлердин курсу, Талас областынын Огомбаев айылында тигүүчүлөрдүн курсу ачылат. Ал эми Кара-Суу жана Кош-Дөбө айылдарында аялдар үчүн туура тамактануу жана өз ден соолугун кароо боюнча тренингдер өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0