БИШКЕК, 24-янв — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 10-декабрында кабыл алынган.
Мыйзам "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын Евразия экономикалык союзунун келишимдик-укуктук базасына шайкеш келтирүү жана атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү боюнча мыйзамдарды өркүндөтүү максатында иштелип чыккан.
Мыйзам расмий жарыяланууга жатат жана Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө эл аралык Келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.