Акцияны уюштуруучулары бир нече күн мурда жаштар тарабынан демилге көтөрүлүп, ал социалдык тармактар аркылуу тарап, акцияга катышууну каалагандар бүгүн аталган аянтка чогулгандыгын айтты.
Аталган акциянын катышуучуларынын милииарддаган адамдардын урматына татыган пайгамбардын сүрөтүн келекелеп тартуу туура эмес иш деген пикирлерин айтышты.
Дүйнөдө 1,5 миллиарддан ашуун мусулмандар бардыгын айткан митингдин кээ бир катышуучулары, мындай акцияны өткөрүп, өз позициясын билдирүү парз дешти.

Бишкектин борборунда жайгашкан Максим Горький атындагы сейил багында франциялык журналга жарыяланган Мухаммед пайгамбардын карикатурасына нааразычылык акция өттү.

Акцияга 300дөн ашуун адам чогулду.

Келгендердин басымдуу бөлүгү колуна "Мен пайгамбарымды сүйөм" деген жазууну кармап турушту.

Тартиптин сакталышына тартип сакчылары көзөмөл кылып турушту.

Чогулгандар ар бир адам чыгып сүйлөгөндөн кийин "Аллаху Акбар" деп коштошту.

Көз жаш...

Аксакалдарды бүгүнкү митинг кайдыгер калтырбаптыр.

"Мен пайгамбарымды сүйөм" акциясынын катышуучусу.

Митингдин аягында Куран окулду.

Митингдин катышуучусу