БИШКЕК, 20-янв — Sputnik. КРдин Башкы прокурору Аида Салянова отставкага кетүүгө расмий түрдө арыз берди деп билдирди Ак Үйдөгү булактар.
Алынган маалыматтарга караганда, отставкага кетүүгө арыз 19-январда жазылган. Ал эми ага президент Алмазбек Атамбаевдин кол койгондугу туурасындагы маалыматтар тастыктала элек.
2014-жылдын аягында Атамбаев жылды жыйынтыктоочу басма сөз жыйынында Башкы прокурор Салянованын жакында отставкага кетээри тууралуу маалыматты четке каккан.
Башкы прокурор былтыркы жылдын 23-декабрына бери расмий эмгек өргүүсүндө.