Кыргызстандын тоо лыжа базалары көк тиреген тоолору, таза абасы, түрдүү трассалары менен башкалардан айырмаланып турат.
Кыргызстандагы тоо лыжа базалары жөнүндө Sputnik маалымат сайты жасаган инфографиканы көрүңүздөр >>

Кыш – чер жазуу үчүн өтө ыңгайлуу маал.

Шаардыктар лыжа тээп көңүл көтөрүү үчүн тоого келишет.

Спорттун кышкы түрү менен алектенгендер өтө эле көп.

Тоо лыжа базаларында лыжа тебүүгө керек болгон бардык жабдыктар бар.

Спорттун кышкы түрүнө жаштардын эң көп бөлүгү кызыгат.

Жаңы үйрөнүп жаткандар машыктыруучунун кызматынан колдоно алышат.

Шамал менен жарышып жылгаяк тебүүгө не жетсин.

Базадагы коопсуздукту күзөтчүлөр камсыздашат.

Тоонун башына чыгуу өзүнчө жыргал.

Тоо боорунан зуулдап түшүп келе жаткан лыжачы.

Экстримди сүйүүчүлөр тоонун эң жогорку жеринен түшүүнү жактырышат.

Сууктун күнү ысык чай ичүү өзүнчө керемет.

Кыргызстандын жаратылышы спорттун кышкы түрү үчүн абдан ыңгайлуу.