БИШКЕК, 16-янв — Sputnik. Алмазбек Атамбаев "Энергетика жөнүндө" КР мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койгонун президенттин маалымат кызматы билдирди.
— Евразиялык экономикалык биримдигинин келишимдик-укуктук базасында белгиленген принциптерге ылайык, энергетикалык ресурстардын жалпы рыногун түзүүнү;
— Евразиялык экономикалык биримдигинин келишимдик-укуктук базасында каралган учурларда, электр энергиясын мамлекеттер аралык берүүдө көмөк көрсөтүүнү.
Мыйзам Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө келишимге Кыргызстандын кошулуусу тууралуу келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
Бул мыйзам Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 10-декабрында кабыл алынган болчу.
Мыйзам Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулуусуна байлынышкан мыйзамдар пакетине кирет.