БИШКЕК, 12-янв — Sputnik. Кыргызстандык тайбоксчу Валентина Шевченко жылдын мыкты спортчусу болуугу татыктуу экенин Тай боксу (муай той) федерациясынын башчысы Елена Белова Sputnik сайтына билдирди.
Бүткүл дүйнөлүк оюндардын эл аралык ассоциациясы (IWGA) Шевченконун жылдын мыкты спортчусу наамына көрсөттү. Кыргызстандык боксчуга аталган ассоциациянын расмий сайтынан добуш берүүгө болот.
Белова белгилегендей, биздин спортчу кыздын бул жогорку наамды алууга "жакшы мүмкүнчүлүгү бар".
"Биз ага кандай добуш бере тургандыгыбыздан баары көз каранды. Бул наам үчүн ат салышып аткан башка спортчулардын да көрсөткүчтөрү жакшы, бирок, Валентина Шевченко эң мыктысы", — деди Белова.
Учурда Валентина Шевченконун жалпысынан 16 титулу бар. Анын ичинен согуш өнөрү боюнча 2 алтын медалды 2010-жылы Кытайда жана 2013-жылы Россияда жеңип алган. Кыргызстандын спортчу 7 жылдан бери эл аралык аренада Перунун атынан чыгып келет.