00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
48 мин
Будь в курсе
Мошенники ушли в интернет: как кыргызстанцев обманывают в мессенджерах
08:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл Ала-Арча паркында айнек көпүрө, мечит, спорт комплекс курулат
09:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как правильно жаловаться государству и не тратить время впустую - разговор с юристом
10:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Мугалимдердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга жаңы ыкмалар колдонулат — функционалдык сабаттуулук, STEM, санариптик көндүмдөр
11:04
34 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Быйыл айдоо аянты көбөйтүлдү — өлкөдө жазгы талаа иштерине даярдык кандай?
13:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Медициналык камсыздандыруу полисин алган жарандарга дагы кандай жеңилдетилген кызматтар кошулат?
15:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Өлкөдөгү логистикалык системанын келечеги: Кыргызстан транзиттик өлкө боло алабы?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Новая валюта или новая реальность? Зачем Кыргызстану цифровой сом
18:07
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кыргыз жылкы менен байланышты үзгөн жокпу — жаштар эмнелерди биле жүрүшү керек?
19:06
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Медициналык камсыздандыруу полисин алган жарандарга дагы кандай жеңилдетилген кызматтар кошулат?
21:05
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Терракт уюштурабыз деген топ жана шейит болууга даярданган лидер абакка отургузулду

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүАрхив: кишен
Архив: кишен - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
УКМКнын Ош облустук жана Ош шаардык башкы башкармалыгы Өзбекстанды мелжеп, Анжиян менен Ташкент шаарларында жардыруу уюштурууну пландаган террордук топту кармады.

БИШКЕК, 12-янв — Sputnik. УКМКнын Ош облустук жана Ош шаардык башкы башкармалыгы 2014-жылы Кыргызстанда жана Өзбекстанда бир нече жардырууларды уюштурууну пландаган террористтик топту кармаган. Алгач, топтун лидери, өзүн шейиттикке алдын-ала даярдап келген 22 жаштагы Адахам Раимжанов колго түшүрүлгөн. 

Ош: атайын кызматтар жардырууларды пландаган террористтик топторду кармаган
УКМКнын Ош облустук жана Ош шаардык башкы башкармалыгынын маалыматында, Раимжанов — афган-пакистан аймагында даярдыктан өткөн, 2010-жылы Пакистан аймагында "Өзбекстан Ислам кыймылынын" (ӨИК) катарында согушуп, алдыңкы чабуул жасоочу топто жүргөн, тажрыйбалуу согушкер. Кармалган топтун ичиндеги идеялык жагынан абдан берилген жана даярдыгы күчтүү террорчулардын бири. 

Ал УКМКнын Ош облустук жана Ош шаардык башкы башкармалыгынын ийгиликтүү жүргүзүлгөн операциясынын негизинде ноябрь айында колго түшүрүлгөн. 

Кыргызстандын УКМКсы Өзбекстандагы жардыруунун алдын алды 

"Өзбекстан Ислам кыймылынын" катарында жүрүп, кийин эң агрессиялуу деген "Ислам жихадынын биримдиги" деп аталган топко кирип, Өзбекстандын Анжияндагы улуттук коопсуздук кызматынын имаратында жана Ташкентте жардыруу уюштуруу тапшырмасын алган", — деп билдирди УКМКнын маалымат кызматынын жетекчиси Рахат Сулайманов. 

Мухамедсадыр: Сирияга адам жөнөткөнүмө өкүнүп отурам
Ага жасалма паспорт менен Ошко кайтып, Сириядан келген ячейкалар менен сүйлөшүп, байланышты жандандыруу милдети тагылган. Адахам жардыруу боюнча адис болуп калган, даярдыгы күчтүү, сырттан келе турган 3 террористке жардыруучу заттарды жана Тажикстандын паспортторун даярдап бермек. Бирок, алар документтер начар сапатта жасалгандыктан, Тажикстандан чыга албай калышкан. Өзү да жасалма паспорт менен теракт даярдоого келген Адахам Раимжановду Кыргызстандын атайын кызматы эки күндөн кийин эле колго түшүргөн. Ошентип, УКМКнын Ош облустук жана Ош шаардык башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин аракетинин улам, бактыга жараша, Өзбекстандын эки шаарында теракт болгон жок.

"Аталган террордук топ жардыруу заттарын даярдаш үчүн Түркиядан 200 литр аммиак кислотасын алып келүүнү пландап, аны сактоо боюнча атайын жайларды даярдай баштаган. Жардыргычтарды жасоочулар келбей калгандыктан, Адахам Раимжанов алар менен электрондук почта аркылуу кабарлашып, жардыргычты жасоонун жол-жобосун сурап, шейит болууга даярдана баштаган", — деп билдирди Ош облустук жана Ош шаардык башкы башкармалыгынан.

Бул маалыматты учурда кармалып, жаза мөөнөтүн күтүп жаткан Адахам Раимжанов өзү да тастыктады. 

"Өзбекстан мамлекетине каршы жасайлы дегенбиз. Бул жакта кандай кырдаал болот, өлүш керек болсо, жанымдан кечем деп келгенмин", — деди террорчу Раимжанов. 

Террорчу: Ислам дини боюнча билимимди тереңдетишим керек

Террорчу Адахам Раимжанов эми Өзбекстанда жардыруу уюштура албайт, бирөөнүн өмүрүнө коркунуч жарата албайт, бирок, кайрадан өзгөрүп, ниетин, дилин оңдой алабы деген суроо пайда болот. 

"Мурда туура жолдомун деп ойлочумун. Кийин бул жерден мен тандаган жол туура эмес экендигин түшүндүрүштү. Негизи менин бул туура же бул натуура деп ажырата турган билимим жок. Карап көрсөм, ислам боюнча терең билим алышым керек экен. Менин алдыдагы максаттарымдын бири исламды тереңдеп үйрөнүү болуп турат. Жакшы билбесең адашат экенсиң. Мындай кадамга барганыма өкүнөм",— дейт башын жерге салган Раимжанов.

Массалык жихад баштайбыз деп ниеттенген Адахам Раимжанов эми мыйзамдардын "Жалдоочулук", "Терракт даярдоо", "Мыйзамсыз куралдуу топту түзгөндүк", "Жасалма паспортту пайдалангандык", "Чек араны мыйзамсыз кесип өтүү" сыяктуу беренелер менен айып тагылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0