Таланттуу бийчи 1924-жылы Чеченстанда төрөлгөн. Ал 7 жашынан баштап эле үйлөнүү тойлордо бийлеп баштаган.
Көптөгөн чечендер Орто Азияга көчүрүлгөн маалда, ал да үй-бүлөсү менен келген. 1944-1956-жылдары ал Бишкектеги Кыргыз опера жана балет театрында солист болган.
Эсамбаев "Ак куу көлү", "Бахчисарай фонтаны", "Уйкудагы сулуу", "Тарас Бульба" балеттеринде башкы ролду аткарган.
50-жылдары академиялык сахнаны таштап, элдик бий менен алектенүүнү чечкен. Ал Чечен-Ингуш Республикасынын филармониясынын солисти болуп, түрдүү элдердин маданиятына арналган новелла-бийлерди койгон. Анын бул тармактагы эмгектеринин алгачкылары индиялыктардын ритуалдык "Алтын кудай", испандыктардын "Ля-коррила", тажиктердин "Бычак менен бийлөө" бийлерин койгон.
Махмуд Эсамбаев мындан он беш жыл мурда Москва шаарындагы мусулмандардын мүрзөсүнө коюлган.
10-фото. Жазуучу Сергей Михалков, СССРдин эл артисттери Мария Биешу, Махмуд Эсамбаев жана Кирил Лавров СССРдин Жогорку Кеңешинин жыйынындагы танапис учурунда. 1984-жыл.
10-фото. Жазуучу Сергей Михалков, СССРдин эл артисттери Мария Биешу, Махмуд Эсамбаев жана Кирил Лавров СССРдин Жогорку Кеңешинин жыйынындагы танапис учурунда. 1984-жыл.