ӨКМ алыс жолдо көчкү менен күрткүдөн абайлоону эскертет

Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сапарга чыккандарды кар көчкүдөн сак болууга эскертти.

БИШКЕК, 6-янв — Sputnik. Жакынкы күндөрү жааган кардан улам Кыргызстандын тоолуу райондорундагы жолдордо кар көчкү коркунучу сакталат. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жолго чыккан жүргүнчүлөргө Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкек – Ош жолунун 121-137-жана 198-265-чакырымдарында, Ош облусундагы Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 45-90-чакырымында жана 145-150-чакырымдарында, Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука – Каныш-Кыя жолунун 62-100-чакырымдарында айдоочуларды сак болуусун эскертет.

Ал эми  түндүк аймакта Бишкек – Талас унаа жолунун 198-210-чакырымдарында (Өтмөк ашуусу), Казарман – Акталчат унаа жолунун 67-94-чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу), Ысык-Көл облусундагы Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында кар көчкү түшүп,  күрткү жаралат.  Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Аталган министрлик эскерткендей жол жүргөндө унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылы так сакталышы зарыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0