Мэрия уюштурган майрамдык жүрүш учурунда бир катар көчөлөр жабылып, "Ала-Тоо" аянтында аяктады.

Шаардык борбордук көчөсүндө Аяз Аталардын жүрүшү болду.

Жүрүштү оркестр коштоду.

Көңүлү жайдары кар кишилер.

Жүрүш маалында жаңы жылдык ырлар ырдалды.

Кирип келген жыл – кой жылы.

Аяз Кыз.

Аяз Ата менен Аяз Кыз шаар тургундарын куттуктап жатат.

Жүрүшкө катышкандар мэриянын алдына да чогулушту.

Балдар менен чоңдор жаңы жылдык обондорду чогуу созду.

Кызыктуу каармандар балдардын көңүлүн өзүнө бурду.

Аяз Атанын кийимин кийген оркестр жаңы жылдык чыгармаларды аткарды.

Жүрүш маалында көчөлөр жабылды.

Жаңы жылдын негизги каарманы болгон Аяз Ата менен Аяк Кыз атка чиркелген арабага түштү.

Бул күнү балдар өзгөчө кубанды.

Жанга жаккан жаңы жылдык обондор.

Борбордук "Ала-Тоо" аянтында жүрүштүн катышуучуларын шаар тургундары тосуп алды.

Жаш, кары дебей баарысы аянтта болуп жаткан аракеттерди кызыгуу менен карап жатышты.

Майрамдык жүрүш концерт менен аяктады.