БИШКЕК, 3-янв— Sputnik. Жаңы мобилдик флюорографиялык кабинет шаардыктар менен жаңы конуштун тургундарына 2015-жылдын январь айынан тарта кызмат көрсөтүп баштарын шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.
"Машина үстүндөгү флюорографиялык кабинет өз ишин 12-январдан баштайт. Түзүлгөн графикке ылайык, ал шаар тургундары менен жаңы конуштун жашоочуларына Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун базасында кызмат көрсөтөт", — деп мэриянын маалымат кызматынын өкүлү Нурай Марс билдирди.
Машина үстүндөгү флюорографиялык кабинетти кайтарымсыз колдонуу боюнча келишим шаардагы ден соолукту чыңдоо уюмдары менен түзүлгөн. Келишим Бишкек шаардык саламаттык сактоо департаменти жана диагностикалык жабдыктарды алып келүүчү коммерциялык уюмдун ортосунда 10 жылга түзүлгөн.