Бишкек шаарында күн 6 градуска чейин жылуу болот

Жазылуу
Бүгүн Бишкек шаарында жаан жаабайт жана күн 6 градуска чейин жылуу болот.

БИШКЕК, 2-янв — Sputnik. Кыргызгидромет билдиргендей, Бишкек шаарында кар жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Күндүз +4…+6 градус жылуу болсо, түнкүсүн 0…+2 градус болот. 

Синоптиктердин маалыматына ылайык, бүгүн өлкөнүн бир катар аймактарында кар жаайт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Ал эми, Ысык-Көл, Нарын облустарында кар жаашы күтүлбөйт.

Тоолуу аймактардагы автожолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0