РФ "Камбар-Ата" ГЭСинин курулушу боюнча экспертиза жүргүзүшү мүмкүн

© Sputnik / Всеволод Тарасевич / Медиабанкка өтүүАрхив: Линии электропередач сверхвысокого класса напряжения
Архив: Линии электропередач сверхвысокого класса напряжения - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын өкмөтү орус тарап менен Камбар-Ата – 1 ГЭСинин курулушу боюнча эл аралык экспертиза жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат.

БИШКЕК, 23-дек — Sputnik. Кыргызстан менен Россиянын ортосунда Камбар-Ата – 1 ГЭСинин курулушу боюнча эл аралык экологиялык экспертиза жүргүзүү боюнча кеңешип, сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев билдирди.

Кыргыз өкмөтү 2014-жылдын июль айында Камбар-Ата – 1 ГЭСинин техникалык-экономикалык негиздемесин жактырып, орус тараптын кароосуна жиберген. Кубаттуулугу 1 миң 860 мегаватт болчу ГЭСти курууга 3 миллиард доллар керектелет.

"Азырынча эл аралык экспертиза качан болорун айтуу эртелик кылат жана тараптар ортосунда сүйлөшүү жүрүп жатат. Буга кошумча, каржылоо маселеси да чечиле элек", — деди Турдубаев.

Жогорку Нарын каскадына Камбар-Ата – 1 ГЭСин куруу боюнча келишимге 2012-жылдын сентябрь айында Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон иш сапары маалында кол коюлган. ГЭСти куруудагы тараптардын үлүшү 50%дан деп белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0