00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Креативдүү экономика өлкөнү өнүктүрүүнүн күчтүү драйвери болот — Create4 Design фестивалы жаратмандардын башын бириктирет
09:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Госпрограммы и поддержка инициатив: зачем власти делают ставку на развитие Токмока, Нарына и Кара-Балты
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ПИНдеги каталарды оңдоону жөнөкөйлөтүү: жарандар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Почему о домашнем насилии стали говорить чаще, а случаев меньше не становится
12:05
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ишкерлерден 44 арыз түштү. Ак ниет ишкерлерди реестрге каттоо процесси кандай жүрүүдө?
13:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Путин: ШКУ баштапкы чектердин алкагынан чыкты

Жазылуу
Россиянын президенти Владимир Путин азыр ШКУнун алкагында биргелешип иш алып барууга Иран, Пакистан, Индия жана башка бир катар байкоочу өлкөлөр кызыгып жаткандыгын билдирди.

БИШКЕК, 19-дек — Sputnik. Шанхай кызматташтык уюму өзүнүн виртуалдык маанидеги баштапкы чегинен чыкты деди РФтин президенти Владимир Путин жыл сайын берилүүчү жалпыга маалымат жыйынында. 

"Ал (ШКУ – ред.) өзү түзүлүп жаткандагы койгон милдеттеринин алкагынан чыкты. Эмне үчүн? Себеби ал суроо-талапка ээ", — деп түшүндүрдү мамлекет башчысы.

"Азыр ШКУнун алкагында биргелешип иш алып барууга Иран, Пакистан, Индия жана башка бир катар байкоочу өлкөлөр кызыгып жатат. Бирок Шанхай кызматташтык уюмунун туруктуу жана толук укуктуу мүчөсү болууга ниетин Индия менен Пакистан билдирди", — деди Путин.

Бул Россия менен Кытайдын ортосундагы мамилелерге таасирин тийгизерин белгиледи ал. 

"Кытай өз алдынча өлкө катары алганда биздин ири соода-экономикалык өнөктөшүбүз экенин билебиз. Бул жылкы соода-сатыктын акчалай жүгүртүүсү 90 миллиард доллар болот жана ал, дүйнөлүк экономикадагы бир да кыйынчылыкка карабай, дагы өсөт, бул боюнча менин эч күмөнүм жок", — деди Путин.

Президенттин айтымында, Кытай менен соода-экономикалык байланыштарды диверсификациялоо башкы милдет болуп эсептелет.

Ал өлкөлөр товарларды айлантуу структурасын жогорку технологиялык бөлүгүнүн эсебинен өзгөртүүгө улам барган сайын көбүрөөк көңүл бөлүп жаткандыктарын белгиледи.

Путин Россия менен Кытай биргелешип атомдук электр станцияларын куруп, космосто, авиациялык курулушта жана башка бир катар жаңы багыттарда бирге иштеп жаткандыктарын эске салды.

Ошондой эле президент Россия менен Кытайдын БУУнун чегинде кызматташуусу "дүйнөдөгү бүгүнкү абалды турукташтыруучу эң маанилүү элементтердин" бири деген оюн билдирди. 

ШКУ 1996-жылдан тартып иштеп келген Шанхай бешилигинин негизинде 2001-жылы түзүлгөн. Аталган бешиликке Россия, Кытай, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан кирген, жана ал 2001-жылдан тартып Шанхай форуму аталган. 

Бүгүнкү күндө ШКУнун мүчөлөрү болуп Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан эсептет. ШКУнун байкоочулар макамы Монголияга, Индияга, Иранга, Пакистанга жана Афганистанга ыйгарылган. Ал эми "диалог боюнча өнөктөш" макамына Белорусь, Шри-Ланка жана Түркия ээ.

Жаңылыктар түрмөгү
0