БИШКЕК, 18-дек — Sputnik. Парламент депутаттары Эльвира Сариеванын талапкерлигин билим берүү министри катары колдоого алды. Ал үчүн 73 депутат "макул" деген добушун берген.
Белгилей кетсек, КСДП фракциясы Эльвира Сариеванын талапкерлигин Билим берүү министрлигин жетектөөгө сунуштаган.
Кезегинде биздин кабарчыга Эльвира Сариева өз талапкерлигин Билим берүү министрлигине сунушталганы ал үчүн сыймык экендигин жана билим берүү, илим тармагына жакшылап көңүл буруу зарылдыгын айткан.