БИШКЕК, 18-дек — Sputnik. Россияга каршы санкциялар — "Крымдын айынан эмес", бул өлкөнүн улут, цивилизация катары сакталып калууга болгон ниети үчүн төлөнүп жаткан акы деди Россиянын президенти Владимир Путин жыл сайын өтүүчү чоң маалымат жыйынын жүрүшүндө.
"Жок, бул Крым үчүн эмес, болгону биздин улут катары, цивилизация, мамлекет катары өзүбүздү сактап калууга болгон жалгыз ниетибиз үчүн төлөп жаткан акыбыз", — деди ал Россия экономикасындагы азыркы абал "Крым үчүн болуудабы" деген суроого жооп берип жатып.