00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
7 мин
Личный интерес
Речевое развитие ребёнка - логопед о нормах, тревожных сигналах и времени для обращения к врачу
15:08
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Документы, эксперты и обучение персонала — как устроена безопасность аттракционов в Бишкеке
16:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Оор жараатка карабай жашоону сүйгөн ардагердин өмүрү
17:04
32 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Риск на работе: где заканчивается обязанность работника и начинается ответственность работодателя
18:06
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Спортбокс
Салбуурун — кыргыздын улуттук мурасын даңазалаган спорт. Кушчулардын башкы талабы эмне?
19:07
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
11 мин
История в лицах
Орден «За храбрость» через полвека: история затерянного представления и верного боевого братства
20:12
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
8 мин
Особый акцент
Индустриализация: от сталинского рывка до “зелёного” кризиса Европы — беседа о социуме
21:10
53 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Журналистмин деген шылуун Нарындык байбичени алдап кеткен

© Sputnik / В. Лозовский / Медиабанкка өтүүАрхив: Ленина ордени
Архив: Ленина ордени - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Вечерний Бишкек" гезитинин кызматкеримин деген шылуун Нарын облусунун улгайган жашоочусун алдап, ордендери менен медалдарын алып кеткен.

БИШКЕК, 3-дек — Sputnik. "Вечерний Бишкек" гезитинин кызматкеримин деген аферист Нарын облусунун улгайган жашоочусун алдап, ордендери менен медалдарын алып кеткен, деп кабарлады интернет-редакциянын жетекчиси Дина Маслова.

Анын сөзүнө караганда, ушул жылдын жай айларында редакцияга Бишкекте жашаган улгайган байбиче телефон чалып, көчөдө жүрсөм, бир адам келип эле совет доорундагы медаль, ордендериңиз барбы деп сурамжылап, "Вечерний Бишкек" гезитинин журналистимин жана бул боюнча материал даярдап жатам деп айткан. Бирок, байбиче ага анча ишенкиребей, гезитке чалып, тактаганда, басылманын штатында мындай кызматкер жок экендигин жана эч качан болбогондугун түшүндүрүшкөн. 

"Андан соң ал шумпай байбичеге телефон чалып, медалдары менен ордендерин көрүү үчүн жолугушууну сунуштаган. Бирок, байбиче баш тартып, тынчымды ала берсең, милицияга кайрылам деп коркуткандан кийин гана ал адам чалбай калган", — деп белгиледи Маслова.

Ушул тапта редакцияга Нарын облусунун Кочкор районунун ички иштер бөлүмүнөн суроо-талап келип түштү. Документте ушул жылдын июнь айынын ортосунда Айбек Атабекович Темиров деген жигит өзүн "Вечерний Бишкек" гезитинин журналистимин деп тааныштырып, пенсионер Марипа Асаналиевадан материал даярдайм деген шылтоо менен үч сыйлыгын алып кеткен. Алардын ичинде Ленин ордени, Октябрь революциясынын медалы жана социалисттик эмгектин ударниги сыйлыктары бар экен. 

"Ал шумпай алынган сыйлыктарды кайрып берген эмес, ошондуктан, пенсионер апа милицияга кайрылып, бул факты боюнча кылмыш иши козголгон. Совет доорундагы сыйлыктар көмүскө рынокто жакшы бааланат деген маалымат бар. Ошондуктан, аферисттер ишенчээк пенсионерлердин сыйлыктарын алдап алып кетүү үчүн ар кандай айла-амалдарды колдонушат", — дейт басылманын өкүлү. 

Редакция бардык жарандарды басылманын кызматкерлери эч качан материалдардын каармандарынан жеке буюмдарын сурабай тургандыгын эскертип коюуга милдеттүүмүн деп эсептейт, деп кошумчалады Маслова. Анын үстүнө эч качан көчөдөн эле улгайган адамдарга барып, орден-медалдары барбы деп сурабайт. Эгер ушундай учурлар дагы кайталанса, редакцияга тактоо үчүн кайрылуу сунушталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0