БИШКЕК, 1-дек — Sputnik. Кыргызстан электр энергиясын Казакстандан Бишкек убактысы боюнча саат 05-00дөн тарта алып баштады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында Энергетика жана өнөр-жай министри Кубанычбек Турдубаев билдирди.
Белгилей кетсек, Кыргызстан Казакстан менен 1,4 миллиард киловатт саат электр энергиясын сатып алуу боюнча макулдашкан. Ал Жамбыл райондук электр станциясынан алынат. Аталган электр станциясы аларга көгүлтүр отун берилсе гана Кыргызстанга электр энергиясын сатууга мүмкүндүгү бар экенин билдирген. "Газпром" ААКы 330 миллион кубометр жаратылыш газын жеткирип берүүгө макул болгон. Миң кубометр газдын баазы 165 доллардан бааланган. Кыргызстандын премьер-министри Жоомарт Оторбаев Казакстандан келе турчу электр энергиянын баасы 5,6 сомду түзөрүн билдирген эле.
Эскертсек, быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүнүн аздыгынан электр энергиясында тартыштык болору айтылып, кыргыз өкмөтү таңкыс болгон 2,4 миллиард электр кубатын коңшулардан сатып алууну чечкен. Кыргызстан өзүнүн тарыхында биринчи жолу электр энергияны тыштан сатып алып жатат.
Энергетика министри Кыргызстан Жамбыл райондук электр станциясынан ай сайын 200 миллион киловатт саат электр энергиясын алууну пландап жатканын кошумчалады.