БИШЕК 25 ноя — Sputnik. Фергюсондогу (Миссури штаты) куралсыз өспүрүмдү атып салган полицияны күнөөлөбөй турган соттун чечимине каршы Нью-Йорк жана Лос-Анжелес шаарларында нааразычылыктар өтүүдө.
Тынч мүнөздүгү акциялар Лос-Анжелес шаарында да өтүп жатат, бирок, полиция Калифорния жана АКШнын башка калааларында болуп кетүүчү тополоңдорго даяр турат.
Дүйшөмбүдөгү сот отурумундагылар полиция кызматкери Даррен Уилсонго айып таккандан баш тарткан. Уилсон Фергюсондо (Миссури штаты) кара түстүү өспүрүм Майкл Браунга ок чыгарган.
Куралсыз өспүрүм августта ок жеп каза болгондон кийин, нааразычылыкка чыккандар бир нече ирет полиция кызматкерлери менен кагылышкан. Окуя ырбап отуруп, улуттук жана эл аралык деңгээлге чыгып кеткен.
Мындан бир аз убакыт мурда АКШ президенти демонстранттарга соттун отурумунун чечимин сыйлоону жана өз пикирлерин каза болгон баланын ата-энеси сурангандай тынчтык жолу менен билдирүүгө чакырык менен чыгып сүйлөгөн.