Бишкектеги авто-мото-шоу – шаарда унаа айдоо көндүмдөрүн жогорулатуу
Бишкектеги авто-мото-шоу – шаарда унаа айдоо көндүмдөрүн жогорулатуу
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте жекшемби күнү, 26-октябрда, MOTUL Stuntriding Bishkek 2014 авто жана мото фристайлынын фестивалы болду деп билдирет уюштуруучулардын бири, КРдагы... 27.10.2014, Sputnik Кыргызстан
Бишкекте жекшемби күнү, 26-октябрда, MOTUL Stuntriding Bishkek 2014 авто жана мото фристайлынын фестивалы болду деп билдирет уюштуруучулардын бири, КРдагы "JAVA auto" сервис-борборунун башкы директору Виктор Ячевский.
БИШКЕК, 27-окт — Спутник Кыргызстан. Фестивалдын алкагында борбор калаага Латвиянын мыкты райдерлери Янис Розитис жана Лаурис Клебахс келип, өз чеберликтерин көрсөттү. Европы по Стантрайдинг боюнча Европа чемпионатынын жеңүүчүлөрүнүн көрсөтмөлүү жыгуулары 2014-жылдын турнесинин алкагында болду. Аталган турнир жети өлкө: Польша, Болгария, Латвия, Россия, Белоруссия, Казакстан жана Кыргызстан аркылуу өтүүдө.
Ылдамдык, драйв жана толгон адреналин, мотоцикл жана автоунаалар башкы каарманы болгон ар бир иш-чаранын ажырагыс бөлүктөрүн түзөт. Көрүүчүлөрдүн суктанып, жеңүүчүлөрдүн кубанычы койнуна батпайт, жана уюштуруучулар да ыраазы.
2/5
Станрайдинг англис тилинен которгондо «кыймыл учурундагы шамдагайлык» дегенди билдирет, бирок уюштуруучулар муну "мотоциклдеги бий" деп аташат. Чындыгында бул тартылуу күчү менен болгон оюн, салмагы 200 кг болгон мотоциклде өнөктөш менен бийлөө болуп эсептелет.
3/5
Автоунаалардын чыгууларын уюштургандар Россиянын мотоциклет федерациясы жана Кыргызстандагы MOTUL мотордук майлары менен майлагычтардын расмий дистрибютору - JAVA MOTUL (ЯВА Мотюль) компаниясы болду.
4/5
Мелдештердин максаты – автоунаа спортунун маданиятын жана спорт унаасын башкаруу көндүмдөрүн жогорулатуу. Канчалык көп адам айдоо көндүмдөрүнө ээ болсо, жолдордо ошончолук коопсуз болот. Аталган иш-чара машина менен шаар ичинде кыймыл учурунда эмес, атайын белгиленген аянттарда кууша айдаш керектигин көрсөттү.
Кыргыз Республикасы латвиялык райдерлер үчүн 2014 турнесинин акыркы чекити болду. Стантрайдинг боюнча Европа чемпионатынын жеңүүчүлөрү жакынкы күндөрү Ригага кайтып барып, ал жерде келерки 2015-спорт сезонуна даярданышат.