Дин таануучу Кадыр Маликовго кол салды деген жаран Түркиядан экстрадицияланды

© Sputnik / Табылды КадырбековДин таануучу Кадыр Маликов. Архив
Дин таануучу Кадыр Маликов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маликовду бычактаган деп шектелген Тилек уулу Алибек жана Ырыскул Бейшеналиев "Ислам мамлекети" террористтик тобунун мүчөлөрү экенин ИИМ аныктаган. Кол салган түнү алар Казакстанга чыгып, андан ары Түркияга учуп келгенде кармалган болчу.

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Дин таануучу Кадыр Маликовго кол салды деп Түркиядан кармалган жарандардын бирөө Тилек уулу Алибек Кыргызстанга экстрадицияланганын КР Тышкы иштер министрлигиндеги булак билдирди.

Булактын айтымында, шектүү жаран 19-мартта КР ИИМдин кызматкерлеринин коштоосунда Стамбулдан Бишкекке учуп кетти. Ал эми экинчи жаран Ырыскул Бейшеналиевдин сот иши бүтө элек. Эгер сот аны да экстрадициялоо боюнча чечим кабыл алса ал да Кыргызстанга алып келинет.

Депутат Жанарбек Акаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жанар Акаев: журналист Акимовдун ишин УКМКга өткөрүү керек
Маликовду бычактаган деп шектелген Тилек уулу Алибек жана Ырыскул Бейшеналиев "Ислам мамлекети" террористтик тобунун мүчөлөрү экенин ИИМ аныктаган. Кол салган түнү алар Казакстанга чыгып, андан ары Түркияга учуп келгенде кармалган болчу.

2015-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарынын "Асанбай" кичи районунда теолог Маликовго бейтааныш эки киши бычак менен кол салып, бетке жана моюнга сайып кетишкен. Маликов шаардык 4-оорукананын реанимация бөлүмүнө алып келинип, операция жасалган. Кийинчерээк кылмышка шектүү делгендер Түркиянын Газиантеп шаарынан кармалган болчу. Алардын шериктери Бишкек шаарынан кармалган.

Маликов өзүнүн ишмердигинен улам ага "Ислам мамлекети" террордук тобунун өкүлдөрү кол салганын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0