БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Бычакталган белгилүү теолог Кадыр Маликовготоктоосуз операция жасала турганын шаардык 4-оорукананын травматология бөлүмүндө нөөмөттө турган дарыгер маалымдады.
Анын айтымында, Маликовду моюнга жана бетке бычак менен сайып кетишкен.
"Бейтапка инфуззиондук терапия жасалууда. Аны шашылыш операцияга даярдап жатышат", — дейт дарыгер.
Ал ошондой эле, теолог эсин жоготпогонун, бирок реанимациялык бөлүмдө экенин кошумчалады.
Буга чейин шаардык милиция теолог, дин боюнча эксперт Кадыр Маликовго кол салуу болгонун билдирген. Алдын ала маалыматтарга ылайык, ага үйүнүн жанындагы унаа токтотуучу жайдан кол салышкан.