Сариев айткан төө буурчак. Эттин ордуна дагы эмне жесе болот

Жазылуу
Диетологдун айтымында, 7 килограмм редиска, бир литр сүт жана төрт килограммга жакын пияз – эттен баш тарткан адамдардын бир күндүк нормасы. Ал эми төө буурчак, жаңгак жана жумуртка адамдын ден соолугуна пайдалуу болуп, үй-бүлөлүк бюджетти үнөмдөйт.

БИШКЕК, 18-дек. – Sputnik. Темир Сариев бүгүн Бишкекте өткөн тегерек столдо кыргызстандыктарды эттин ордуна төө буурчак колдонууга чакырды.

Сариев бүгүн Кара-Буурада дыйкандар менен төө буурчак маселесин талкуулайт
Мындан улам, Sputnik маалымат агенттиги диетолог Бактыгүл Иманакуновадан этти алмаштыруучу дагы кайсы азыктардын түрлөрү бар экендигин билип көрдү. 

Адистин айтымында эттин курамында белок болгондуктан аны белоктуу продукцияларга гана алмаштырууга болот. 

Мындай азыктарга — жумуртка, сүт азыктары, жаңгак, перловка, балык, козу карын жана буурчак өсүмдүктөрү кирет. 

"Эттен баш тартуу менен белоктуу продукцияларды дагы өлчөмү менен колдонуу керек", — дейт адис.

Диетолог, курамында белогу бар продукцияларды колдонуу ар бир адамдын салмагына жараша эсептелинээрин эскертти. 

Маалыматка ылайык, 100 грамм койдун этинде 20 грамм белок бар. Бул үч жумурткага, 340 грамм грек жаңгагына же 250 грамм төө буурчакка барабар. 

Башкача айтканда, нормага ылайык белок алуу үчүн бир күндө беш жумуртка же 578 грамм грек жаңгагын жеш керек. 

Бишкектиктер эң көп сатып алчу азык-түлүктүн рейтинги
Ал эми төө буурчактын бир күндүк нормасы 425 граммды түзөт. Мындан сырткары бир күндүк эттин нормасын алмаштырууга бир банка шпрот же жарым селедка балыгы туура келет. 

Мындан сырткары майлуулугу аз бир литр сүт же бир килограммдан ашыгыраак майлуулугу 20 пайыздык каймак, үч жарым килограмм пияз, бир килограммдан бир аз ашыгыраак сууга бышкан картошка же жети килограмм жазгы редиска бир күндүк эттин нормасын алмаштыра алат. 

Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, кыргызстандык жаран бир жылда 20 килограмм балык, 61,3 килограмм же күнүнө 170 грамм эт жеши керек. Бирок, Кыргызстанда эт эки эсе, балык он эсе аз колдонулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0