Сариев бүгүн Кара-Буурада дыйкандар менен төө буурчак маселесин талкуулайт

© Sputnik / Нургуль МаксутоваТаластын төө буурчагы. Архив
Таластын төө буурчагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчысы Талас обулусундагы жолдордун абалы менен таанышып, жергиликтүү актив менен жолугат.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Өкмөт башчы Темир Сариев Талас облусунда иш-сапар менен жүрөт. Ал бүгүн төө буурчак алган"Таласагро" ишканасында, Кара-Буура районунда болуп, төө буурчак маселесин талкуулайт. Бул туурасында премьер —министрдин маалымат катчысы Бакыт Асанов Sputnik маалымат агенттигине билдирди.

Төө буурчактын наркынын өзгөрүүсү
Төө буурчактын наркынын өзгөрүүсү - Sputnik Кыргызстан
Төө буурчактын наркынын өзгөрүүсү

Сариев андан сырткары облустагы салынып жана оңдолуп жаткан жолдордун абалы менен таанышып, жергиликтүү актив менен жолугат.

Акыркы айлары таластык дыйкандар эгилген төө буурчактын сатылып жаткан наркына нааразы болуп, облустун борборунда митингге чыгып, анын баасын жогорулатуу жолдорун кароону талап кылып келишет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0