Бишкектиктер эң көп сатып алчу азык-түлүктүн рейтинги

© Sputnik / Табылды КадырбековАял баласы менен Бишкек базарлардын биринде. Архив
Аял баласы менен Бишкек базарлардын биринде. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук статистикалык комитети бишкектиктер тамак-ашка канча акча коротушарын эсептеп чыкты. Баса, этке караганда ичимдикке эки эсе көп акча кетет экен.

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Улуттук статистикалык комитети борбор калаанын тургундары тамак-ашка канча акча корото тургандыктарын эсептеп чыкты. Sputnik агенттиги эң көп сатып алынуучу азык-түлүктөрдүн рейтингин түздү.

  1. Ун, нан азыктары. Тамак-аштын бул түрүнө бишкектиктер жылына 15 миллиард сом жумшайт. Баса, Баткен облусунда биринчи орунда эт турса, Ысык-Көл облусунда ичимдик турат.
  2. Ичимдиктер. Жылына аракка, сырага жана виного 9 миллиард сом кетет. 
  3. Эт жана эт азыктары. Бишкектиктер уйдун жана койдун этине жыл сайын 4 миллиард коротушат. 
Базардагы эт сатуучусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Беш жыл мурун кыргызстандыктар эт, сүт жана нанды көп жешчү
Шекер. Борбор калаанын тургундары бул таттуу азыкка 2,7 миллиард сом сарпташты. Баса, таттууну жакшы көргөндөр Нарын облусунда баарынан аз — ал жакта жылына шекерди 40 миллион сомго гана сатып алышат. Бул акчага 727 тонна шекер келет. Бул бир адамга жылына болгону үч гана килограммдан тиет. 
  • Кондитердик азыктар. Бишкектиктердин момпосуй-шоколадга жумшаган акчасы бир жылда 2,3 миллиард сомду түзөт. 
  • Мөмө-жемиштер. Борбор калаанын тургундары 1,5 миллиардга витаминдүү азыктарды сатып алышты. Баса, бул жагынан нарындыктар зыкымыраак келет экен — болгону 15 миллион сом коротушкан. 
  • Сүт жана сүт азыктары 1,4 миллиард сомго турду. Баса, Чүй облусунун тургундары сүткө 2,5 эсе көп жумшашат. 
  • Өсүмдүк майы — жылына 1,2 миллиард сом. Бул бир литрлик 11 миң бөтөлкөгө барабар.
  • Каймак-май. Буга бишкектиктер бир миллиард сом сарпташкан. 
  • Жашылчалар — 757 миллион. Бирок пайыздык жагынан алганда сабизге, помидорго жана бадыраңга Ош облусунун тургундары баарынан көп акча коротушкан. 
  • Жаңылыктар түрмөгү
    0