Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Тозокко айланган таң

© Sputnik / Табылды КадырбековАза күтүү күнүнөн улам түшүрүлгөн Кыргызстандын желеги. Архив
Аза күтүү күнүнөн улам түшүрүлгөн Кыргызстандын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бөөдө кырсыктан, айттырбай келген алааматтан алыс бололучу.

Азапка салган 16-январдын таңы

16-январдын таңы жүрөк үшүн алган жаман кабарлар менен башталды. Айттырбай келген кырсык 32 адамдын өмүрүн алды. Арасында туугандарын, үй-бүлөсүн деги эле жакындарын жоготуп боздогон жарандардын аягы суюла элек.

Элдин башына түшкөн мындай мүшкүлдү карапайым калк бөлүшүп, колунан келишинче жардам берүүдө

Отуздан ашык кишинин өмүрүн алган окуянын чоо-жайын бул жактан окуңуздар

Кырсыктан улам башка мамлекеттин башчылары да көңүл айтышты

Кырсык айттырбай келет. Кыргызстанда кандай авиакырсыктар катталган? Негизи эле бөөдө кырсыктан алыс бололу. 

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.42 (сатып алуу) жана 69.67 (сатуу) сомду түздү. 

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 39.40 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 41 сом, ал эми дизель майы 36.00 сомдон сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Авиакырсыктан жакындарын жоготуп азага муунуп турган мекендештерге көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөбүз.

Жаңылыктар түрмөгү
0