Казакстандан келген Нурбир: ата-энем, бир туугандарымдан ажырап карайлап турам

Жазылуу
Гонконг — Стамбул каттамы менен учкан MyCargo Airlines авиакомпаниясына таандык Boeing-747-400F учагы саат 7.30дар чамасында "Манас" аэропортуна жакын жердеги Дача-Суу айылына кулап түшкөн.

"Манас" аэропортунан анча алыс эмес жердеги Дача-Суу айылындагы кырсыктан улам бир үй-бүлө үй ээси, жубайы жана 7 жаштагы кызы жана 28 жаштагы уулу каза болду. Окуя тууралуу каза болгон үй-бүлөнүн экинчи уулу Нурбир Солтокенов жана анын жеңеси Ларгиза Орозалиева Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына айтып беришти. 

Каза болгон үй-бүлөнүн экинчи уулу Нурбир Солтокенов окуя болгон учурда Казакстанда иштеп жүргөн.

"Жеңем Ларгиза айылыңарга учак кулап түшүптүр деп айтканынан дароо келдим. Атам быйыл 56 чыкмак… Апам, 7 жаштагы карындашым жана менден улуу агам баары каза болуптур. Артында менден башка дагы бир карындашым калды. Ал да чет жакта, Россияда туугандарыбыздыкында болчу. Ага кабар айтыла элек", — деди Солтокенов. 

Крушение самолета Boeing-747 недалеко от аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Кулаган учактын бир "кара ящиги" табылды
Ал эми үй ээсинин инисинин жубайы Ларгиза Осмоналиеванын айтымында, кырсык учурунда каза болгондордун үйүндө кошунасынын алты жаштагы жана жетинчи класс окуган кыздары да бар экенин, каргаша эки жеткинчекти да алып кеткен.

Учурда Нурбир жана анын туугандары Республикалык соттук-медициналык экспертизанын бюросунун алдында сөөк күтүп жатышат.

Учактын кыйрашына байланыштуу бардык маалыматтардын топтомун бул жактан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0