Чарчап-чаалыкпаган жаратман. Табылды Эгембердиевдин жашоосунан сүрөт баян

Жазылуу
Бүгүн - белгилүү коомдук ишмер, ири ишканалардын негиздөөчүсү Табылды Эгембердиевдин туулган күнү. Жаратман инсандын көзү тирүү болгондо быйыл 73 жашка толмок.
Sputnik Кыргызстан агенттиги "Шоронун атасынын" сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.
Табылды Эгембердиев 1950-жылы 28-декабрда Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Букара айылында жарык дүйнөгө келген. 13 жашында атасынан ажырап, апасынын колуна кол, бутуна бут болуп оор турмушту башынан өткөргөн. Мектепти аяктаган соң Фрунзедеги политехникалык институтка тапшырып инженер-куруучу кесибин алып чыгат. Эмгек жолун окутуучулуктан баштап куруучу-прораб болуп да иштеген. Кийин коомдук иштерге жигердүү аралашып, 90-жылдары Кыргызстан демократиялык кыймылынын (КДК) Башкаруу кеңешинин мүчөсү, катчы болуп, байма-бай курч макалаларды жарыялап турган.
Эгембердиев андан соң ишкерлик менен алектенип, улуттук суусундуктардын түрүн чыгара баштайт. 2009-жылы "Супара" этнокомплексин, 2014-жылы "Супара-Чуңкурчак" этно эс алуу жайын түптөгөн. Чарчабаган жаратман ишкер 2015-жылы 16-майда узакка созулган оорудан улам дүйнө салган.
© Фото / предоставлено пресс-службой ЗАО "Шоро"

Атасы Бердигул 50 жашында көргөн уулуна Табылды деген ысым берген

Атасы Бердигул 50 жашында көргөн уулуна Табылды деген ысым берген - Sputnik Кыргызстан
1/15

Атасы Бердигул 50 жашында көргөн уулуна Табылды деген ысым берген

© Фото / предоставлено пресс-службой ЗАО "Шоро"

Табылды 13 жашында атасынан ажырап, апасына кол кабыш кылып, жакындарына тирек болгон

Табылды 13 жашында атасынан ажырап, апасына кол кабыш кылып, жакындарына тирек болгон - Sputnik Кыргызстан
2/15

Табылды 13 жашында атасынан ажырап, апасына кол кабыш кылып, жакындарына тирек болгон

© Фото / из семейного архива Эгембердиевых

Мугалим, инженер-куруучу болуп иштеген Эгембердиев келечекке чыйыр жол салууну көздөп 12 жыл тынбай күнү-түнү китеп окуган

Мугалим, инженер-куруучу болуп иштеген Эгембердиев келечекке чыйыр жол салууну көздөп 12 жыл тынбай күнү-түнү китеп окуган - Sputnik Кыргызстан
3/15

Мугалим, инженер-куруучу болуп иштеген Эгембердиев келечекке чыйыр жол салууну көздөп 12 жыл тынбай күнү-түнү китеп окуган

© Фото / из семейного архива Эгембердиевых

90-жылдары Кыргызстан демократиялык кыймылынын мүчөсү болуп өлкөдөгү коомдук-саясий иштерге катышкан

90-жылдары Кыргызстан демократиялык кыймылынын мүчөсү болуп өлкөдөгү коомдук-саясий иштерге катышкан - Sputnik Кыргызстан
4/15

90-жылдары Кыргызстан демократиялык кыймылынын мүчөсү болуп өлкөдөгү коомдук-саясий иштерге катышкан

© Фото / предоставлено пресс-службой ЗАО "Шоро"

Коомдук ишмер белгилүү дипломат Ишенбай Абдразаков менен

Коомдук ишмер белгилүү дипломат Ишенбай Абдразаков менен - Sputnik Кыргызстан
5/15

Коомдук ишмер белгилүү дипломат Ишенбай Абдразаков менен

© Sputnik / Александр Федоров

Жеке ишкер Табылды Эгембердиев иниси Жумадыл Эгембердиевдин балдары менен спорттук иш-чарага күйөрмандык кылууда. Бишкек шаары, 1998-жыл

Жеке ишкер Табылды Эгембердиев иниси Жумадыл Эгембердиевдин балдары менен спорттук иш-чарага күйөрмандык кылууда. Бишкек шаары, 1998-жыл - Sputnik Кыргызстан
6/15

Жеке ишкер Табылды Эгембердиев иниси Жумадыл Эгембердиевдин балдары менен спорттук иш-чарага күйөрмандык кылууда. Бишкек шаары, 1998-жыл

© Фото / предоставлено пресс-службой ЗАО "Шоро"

Эмгекчил ата алты баланы тарбиялап өстүргөн

Эмгекчил ата алты баланы тарбиялап өстүргөн - Sputnik Кыргызстан
7/15

Эмгекчил ата алты баланы тарбиялап өстүргөн

© Sputnik / Александр Федоров

Кылымдарды карыткан улуттук суусундуктарды дүйнөгө таратам деген "Шоро" компаниясынын негиздөөчүсү

Кылымдарды карыткан улуттук суусундуктарды дүйнөгө таратам деген "Шоро" компаниясынын негиздөөчүсү - Sputnik Кыргызстан
8/15

Кылымдарды карыткан улуттук суусундуктарды дүйнөгө таратам деген "Шоро" компаниясынын негиздөөчүсү

© Фото / из семейного архива Эгембердиевых

Эл аралык көргөзмөлөргө барган ага-ини: Табылды жана Жумадил Эгембердиевдер

Эл аралык көргөзмөлөргө барган ага-ини: Табылды жана Жумадил Эгембердиевдер - Sputnik Кыргызстан
9/15

Эл аралык көргөзмөлөргө барган ага-ини: Табылды жана Жумадил Эгембердиевдер

© Фото / из семейного архива Эгембердиевых

Жаратмандын баштаганы азыркыга чейин уланып, миңдеген адамды иш менен камсыздап келет

Жаратмандын баштаганы азыркыга чейин уланып, миңдеген адамды иш менен камсыздап келет - Sputnik Кыргызстан
10/15

Жаратмандын баштаганы азыркыга чейин уланып, миңдеген адамды иш менен камсыздап келет

© Sputnik / Александр Федоров

Ишкер спорттук мелдештерди, спортчуларды ар тараптан колдоп, алардын күйөрманы эле

Ишкер спорттук мелдештерди, спортчуларды ар тараптан колдоп, алардын күйөрманы эле - Sputnik Кыргызстан
11/15

Ишкер спорттук мелдештерди, спортчуларды ар тараптан колдоп, алардын күйөрманы эле

© Фото / из семейного архива Эгембердиевых

Дайым изденүүнүн үстүндө жүргөн инсан тоо туризмин өнүктүрүү максатында 2009-жылы "Супара" этнокомплексин, 2014-жылы "Супара-Чуңкурчак" этно эс алуу жайын ачкан. Сүрөттө ал жакындары, тууган-туушкандары менен "Супарада"

Дайым изденүүнүн үстүндө жүргөн инсан тоо туризмин өнүктүрүү максатында 2009-жылы "Супара" этнокомплексин, 2014-жылы "Супара-Чуңкурчак" этно эс алуу жайын ачкан. Сүрөттө ал жакындары, тууган-туушкандары менен "Супарада" - Sputnik Кыргызстан
12/15

Дайым изденүүнүн үстүндө жүргөн инсан тоо туризмин өнүктүрүү максатында 2009-жылы "Супара" этнокомплексин, 2014-жылы "Супара-Чуңкурчак" этно эс алуу жайын ачкан. Сүрөттө ал жакындары, тууган-туушкандары менен "Супарада"

© Фото / из семейного архива Эгембердиевых

Коомдук ишмер дайым изденүүнүн үстүндө жүрүп, жаратмандыкка талпынган

Коомдук ишмер дайым изденүүнүн үстүндө жүрүп, жаратмандыкка талпынган - Sputnik Кыргызстан
13/15

Коомдук ишмер дайым изденүүнүн үстүндө жүрүп, жаратмандыкка талпынган

© Фото / из семейного архива Эгембердиевых

Ала-Арча жаратылыш паркында достору менен чер жазган ишкер. 1998-жыл

Ала-Арча жаратылыш паркында достору менен чер жазган ишкер. 1998-жыл - Sputnik Кыргызстан
14/15

Ала-Арча жаратылыш паркында достору менен чер жазган ишкер. 1998-жыл

© Фото / предоставлено пресс-службой ЗАО "Шоро"

"Шоронун" негиздөөчүсү, публицист Табылды Эгембердиев 2015-жылы 16-майда кайтыш болуп, сөөгү Таш-Мойнок айылынын үстүнө коюлган

"Шоронун" негиздөөчүсү, публицист Табылды Эгембердиев 2015-жылы 16-майда кайтыш болуп, сөөгү Таш-Мойнок айылынын үстүнө коюлган - Sputnik Кыргызстан
15/15

"Шоронун" негиздөөчүсү, публицист Табылды Эгембердиев 2015-жылы 16-майда кайтыш болуп, сөөгү Таш-Мойнок айылынын үстүнө коюлган

Тема боюнча:
Театрдын жарык жылдызы эле... Актер Азиз Мурадилаевдин сүрөттө калган элеси
Миңдеген адамдын дартына даба тапкан Миталип Мамытов. Нейрохирургдун сүрөттөрү
Кыргыз кино өнөрүнүн алптарынын, залкарларынын, генийлеринин кызыктуу сүрөттөрү
Сахнадагы 50 жыл. Таланттуу актриса Назира Мамбетованын сүрөттөрү
АКШ, Европанын театрлары кызыккан. Алтын үндүү Керим Тураповдун сүрөттөрү
Жаңылыктар түрмөгү
0