Советтик Кыргызстандан чыккан товар Германияга сатылган. Архивдик сүрөттөр

Жазылуу
Кыргызстан да кезинде жүздөгөн ишкана иштетип, продукциясын алыскы мамлекеттерге чейин экспорттоого жетишкен. Sputnik агенттиги ата мекендик өндүрүштүн архивдик ирмемдерин сунуштайт.
Кыргыз ССРинин аймагына өнөр жайы согуштан кийинки жылдары болуп көрбөгөндөй өнүгүп, 1966-жылдан 1985-жылга чейин эле 150дөн ашык ишкана ишке кирген. Ал завод-фабрикалардан кездеме, арак-шарап, кийим-кече, бут кийим, дары-дармек, лампа, кир жуучу машина, балдар оюнчуктары, тамга терүүчү машиналар, мылтыктын окторунан баштап автосамосвал, электр кыймылдаткыч, радиаторлордун түрү чыккан. Советтик Кыргызстандын өнөр жайы 130дан ашык тармактан туруп, 4000ден ашык аталыштагы товарларды сунуштаган. Өлкө аймагынан чыккан айрым продукциялар Германия, Финляндия, Куба, Түркия, Болгария, Монголия, Венгрия, Индия, Алжир өңдүү ондогон өлкөлөргө экспорттолгон.
© Sputnik / Сергей Лидов

Фрунзедеги "Тяжэлектромаш" заводу СССРдеги электрондук жабдууларды чыгарган эң ири ишканалардын бири болгон. Сүрөттө заводдун инженерлери. 1974-жыл.

Фрунзедеги "Тяжэлектромаш" заводу СССРдеги электрондук жабдууларды чыгарган эң ири ишканалардын бири болгон. Сүрөттө заводдун инженерлери. 1974-жыл. - Sputnik Кыргызстан
1/15

Фрунзедеги "Тяжэлектромаш" заводу СССРдеги электрондук жабдууларды чыгарган эң ири ишканалардын бири болгон. Сүрөттө заводдун инженерлери. 1974-жыл.

© Sputnik / Александр Федоров

Фрунзе заводунун чабылган чөптү жыйноочу машиналары. Алар 50дөн ашык өлкөгө экспорттолгон.

Фрунзе заводунун чабылган чөптү жыйноочу машиналары. Алар 50дөн ашык өлкөгө экспорттолгон. - Sputnik Кыргызстан
2/15

Фрунзе заводунун чабылган чөптү жыйноочу машиналары. Алар 50дөн ашык өлкөгө экспорттолгон.

© Sputnik / Всеволод Тарасевич

Токтогул ГЭСинде гидроагрегат орнотуу иши. 80-жылдардын орто ченинде республикада 11 миллиард киловатт-саат электр жарыгы өндүрүлгөн.

Токтогул ГЭСинде гидроагрегат орнотуу иши. 80-жылдардын орто ченинде республикада 11 миллиард киловатт-саат электр жарыгы өндүрүлгөн. - Sputnik Кыргызстан
3/15

Токтогул ГЭСинде гидроагрегат орнотуу иши. 80-жылдардын орто ченинде республикада 11 миллиард киловатт-саат электр жарыгы өндүрүлгөн.

© Sputnik / Мамадалиев

Союз учурунда республикада көп курулуш материалдары чыккан, алардын бири Токмок шаарындагы айнек заводу. 1984-жыл.

Союз учурунда республикада көп курулуш материалдары чыккан, алардын бири Токмок шаарындагы айнек заводу. 1984-жыл. - Sputnik Кыргызстан
4/15

Союз учурунда республикада көп курулуш материалдары чыккан, алардын бири Токмок шаарындагы айнек заводу. 1984-жыл.

© Sputnik / Александр Федоров

Борбор калаадагы шаардык сүт завод. Мындай ишканалар союз маалында аймактарда да иштеген.

Борбор калаадагы шаардык сүт завод. Мындай ишканалар союз маалында аймактарда да иштеген. - Sputnik Кыргызстан
5/15

Борбор калаадагы шаардык сүт завод. Мындай ишканалар союз маалында аймактарда да иштеген.

© Sputnik / Александр Федоров

Кыргызстандын сурьмасы, сымабы, союзда жогору бааланган. Айдаркен шаарындагы сымап комбинаты.

Кыргызстандын сурьмасы, сымабы, союзда жогору бааланган. Айдаркен шаарындагы сымап комбинаты. - Sputnik Кыргызстан
6/15

Кыргызстандын сурьмасы, сымабы, союзда жогору бааланган. Айдаркен шаарындагы сымап комбинаты.

© Sputnik / Александр Федоров

Элдин эсинен азыркыга чейин кетпеген "Киргизия" кир жуучу машиналары

Элдин эсинен азыркыга чейин кетпеген "Киргизия" кир жуучу машиналары - Sputnik Кыргызстан
7/15

Элдин эсинен азыркыга чейин кетпеген "Киргизия" кир жуучу машиналары

© Sputnik

Фрунзедеги электровакуум заводу элдин керектөөсүнө зарыл болгон бир топ жабдууларды чыгарган. 1984-жыл.

Фрунзедеги электровакуум заводу элдин керектөөсүнө зарыл болгон бир топ жабдууларды чыгарган. 1984-жыл. - Sputnik Кыргызстан
8/15

Фрунзедеги электровакуум заводу элдин керектөөсүнө зарыл болгон бир топ жабдууларды чыгарган. 1984-жыл.

© Sputnik / Александр Федоров

Кенафтан түрдүү продукцияларды чыгарган борбор калаадагы фабрика

Кенафтан түрдүү продукцияларды чыгарган борбор калаадагы фабрика - Sputnik Кыргызстан
9/15

Кенафтан түрдүү продукцияларды чыгарган борбор калаадагы фабрика

© Sputnik / А. Колесов

Оштогу атактуу текстиль комбинаты. 1985-жыл.

Оштогу атактуу текстиль комбинаты. 1985-жыл. - Sputnik Кыргызстан
10/15

Оштогу атактуу текстиль комбинаты. 1985-жыл.

© Sputnik / Александр Федоров

Фрунзе автоунаа чогултуучу заводунун даяр продукциялары. Ал унаалар башка союздук республикаларга да жөнөтүлгөн.

Фрунзе автоунаа чогултуучу заводунун даяр продукциялары. Ал унаалар башка союздук республикаларга да жөнөтүлгөн. - Sputnik Кыргызстан
11/15

Фрунзе автоунаа чогултуучу заводунун даяр продукциялары. Ал унаалар башка союздук республикаларга да жөнөтүлгөн.

© Sputnik / Александр Федоров

Электр кыймылдаткычтардын түрүн чыгарган "Кыргызэлектродвигатель" заводу

Электр кыймылдаткычтардын түрүн чыгарган "Кыргызэлектродвигатель" заводу - Sputnik Кыргызстан
12/15

Электр кыймылдаткычтардын түрүн чыгарган "Кыргызэлектродвигатель" заводу

© Sputnik / Александр Федоров

Кадамжай сурьма комбинатынан чыккан өндүрүм. Даяр продукция негизинен экспортко кеткен.

Кадамжай сурьма комбинатынан чыккан өндүрүм. Даяр продукция негизинен экспортко кеткен. - Sputnik Кыргызстан
13/15

Кадамжай сурьма комбинатынан чыккан өндүрүм. Даяр продукция негизинен экспортко кеткен.

© Sputnik / Александр Федоров

Лампа чыгарган Жалал-Абад облусундагы Майлы-Суу заводу. Ал жактан жыл сайын 300 миллиондой лампа чыккан.

Лампа чыгарган Жалал-Абад облусундагы Майлы-Суу заводу. Ал жактан жыл сайын 300 миллиондой лампа чыккан. - Sputnik Кыргызстан
14/15

Лампа чыгарган Жалал-Абад облусундагы Майлы-Суу заводу. Ал жактан жыл сайын 300 миллиондой лампа чыккан.

© Sputnik / И. Коваленко

Ишканалар илим-изилдөө борборлору, окумуштуулар менен тыгыз иштешкен. Сүрөттө ата мекендик илимпоздор иштеп чыккан көп функциялуу "Аскатеш" бургулоо агрегаты.

Ишканалар илим-изилдөө борборлору, окумуштуулар менен тыгыз иштешкен. Сүрөттө ата мекендик илимпоздор иштеп чыккан көп функциялуу "Аскатеш" бургулоо агрегаты. - Sputnik Кыргызстан
15/15

Ишканалар илим-изилдөө борборлору, окумуштуулар менен тыгыз иштешкен. Сүрөттө ата мекендик илимпоздор иштеп чыккан көп функциялуу "Аскатеш" бургулоо агрегаты.

По теме:
Далай сырды, оор күйүттү батырган "Ата-Бейит". Архивдик сүрөттөр
Кубанычы менен муңу аралаш 32 жыл. Эгемен Кыргызстандын тарыхый сүрөттөрү
Опера жана балет театры кантип курулган? Сейрек архивдик ирмемдер
Илимдин чордону болгон Улуттук академияга 80 жыл. Архивдик ирмемдер
Опера жана балет театры кантип курулган? Сейрек архивдик ирмемдер
Жаңылыктар түрмөгү
0