Шабданбай Абдыраманов — өмүр баяны

© Фото / Pexels / PixabayКалем. Иллюстративдик сүрөт
Калем. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.08.2023
Жазылуу
Кыргыз эл жазуучусу Шабданбай Абдыраманов Сузак районундагы Ак-Тоок айылында 1930-жылы 24-декабрда туулган.
1948-жылы Жалал-Абад педагогикалык окуу жайын, 1950-жылы Жалал-Абад мугалимдер институтун, 1955-жылы КМУнун филология факультетин, 1964-жылы Москва шаарындагы Горький атындагы институттун Жогорку адабий курсун бүтүргөн.
Эмгек жолун 1943-жылы колхозчу болуп иштөө менен баштаган:
1950-1952 — орто мектепте мугалим;
1952-1959 — Кыз-Көл орто мектебинин директору;
1959 — Ош пединститутунда окутуучу;
1964 — Кыргызстан жазуучулар союзунун Ош облустук бөлүмүнүн адабий кеңешчиси;
1966 — жооптуу катчы, кийин Ош облустук "Ленин жолу" гезитинде кабарчы болуп кызмат кылган.
Шабданбай Абдыраманов чыгармачылык жолун акын катары 1950-жылы баштаган. Мугалимдик кесибин аркалап жүргөндө эле анын "Сырдуу күмбөз", "Көл тууралуу баян" аттуу эпикалык поэмалары "Ала-Тоо" журналына жарыяланган. 1955-жылдан тартып биротоло кара сөзгө өтүп, бир топ аңгеме, повесть, романдарды жазган.
1957-жылы "Май түнүндө" аттуу алгачкы поэмалар жыйнагы, ага удаалаш эле 1959-жылы "Каркыра" деген ырлар жана поэмалар жыйнагы, 1964-жылы "Тааныш адамдар", "Арстанбап аймагында", "Өкүм", 1973-жылы "Ак жүрөк адамдар" деген прозалык чыгармалары басмадан жарык көргөн.
Ошондой эле жазуучунун "Гүлазык", "Дыйкандар", "Тагдыр", "Жашыл аалам", "Токуучулар", "Турмуш сырлары", "Дыйкандар" аттуу романдары эл арасына тарап, кыргыз айыл турмушун, айыл-апа тургундарынын маанайын мыкты чагылдырган жазуучу катары окурмандарынын жүрөгүнөн түнөк тапты.
Акын публицист, котормочу, драматург катары да белгилүү. Чыгармалары орус, өзбек тилдеринде жарык көргөн. "Кайыптын карды ооруганда", "Коркунучтуу оору", "Үркүнбай үйлөнгөндө", "Токуучулар", "Тагдыр нугу", "Кадамжай окуясы" аттуу драмалары театрлардын сахнасында коюлуп, көптөгөн көрүүчүлөрдүн купулуна толду.
Өмүрүнүн соңку жылдары жазган "Арман" романын, "Ак Мактым" баянын чыгарууга үлгүрбөй кетти. Ал 1998-жылы 68 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.
Эмгеги бааланып Кыргыз СССРинин Жогорку Советинин грамотасы менен сыйланган. 1993-жылы болсо Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу наамы ыйгарылган.
Китептин үстүндө көз айнек жана лупа. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.08.2023
Качкынбай Артыкбаев — өмүр баяны
Жаңылыктар түрмөгү
0