Качкынбай Артыкбаев — өмүр баяны

© Фото / Pexels / Wallace Chuck Китептин үстүндө көз айнек жана лупа. Иллюстративдик сүрөт
Китептин үстүндө көз айнек жана лупа. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.08.2023
Жазылуу
Сынчы, илимпоз, адабиятчы, акын Качкынбай Артыкбаев 1934-жылы 15-декабрда Москва районунун Кепер-Арык айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган.
1941-жылы Буденный орто мектебине кабыл алынган. 1956-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. 1966-жылы филология илимдеринин кандидаты деген окумуштуулук даражага ээ болуп, 1983-жылы докторлук диссертациясын жактаган.

Ишмердиги

Эмгек жолун 1956-жылы "Ленинчил жаш" гезитинде бөлүм башчы болуп иштөөдөн баштаган.
1959-1961 — "Ала-Тоо" журналынын сын бөлүмүнүн башчысы;
1961-1967 — Кыргызстан мамлекеттик басмасында көркөм адабият редакциясынын башчысы;
1967-жылдан тартып Кыргыз мамлекеттик университетинде улук окутуучу, доцент, профессор болуп эмгектенген;
1976-2007 – отуз жыл бою кыргыз адабияты кафедрасын жетектеген;
1970-1974, 1989-1991-жылдары кыргыз филологиясы факультетинин деканы болгон. Ошондой эле мамлекеттик мекемелерде, уюмдарда коомдук башталыштагы ондогон кызматтарды аркалаган;
1992-2002 — Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Улуттук аттестациялоо комиссиясынын президиум мүчөсү;
1989-1999 — КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын мүчөсү;
1968-1992 — "Кыргызстан маданияты" гезитинин редколлегия мүчөсү, Кыргыз ССР жогорку окуу жайлар министрлигинин илимий-методикалык советинин, Кыргыз ССР агартуу министрлигинин илимий-методикалык советинин кыргыз филологиясы секциясынын төрагасынын орун басары, "Кыргыз тили" коомунун президиум, "Кыргызстан", "Мектеп", "Адабият" басмаларынын редакциялык советтеринин, Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатында мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу комитетинин мүчөсү катары иштеди.

Жарык көргөн эмгектери

Артыкбаевдин 9 ыр китеби, 16 монография, адабий сын китептери, 25 окуу китеби, окуу куралдары, окуу программалары, 600гө жакын макаласы жарык көрдү.
Адабиятчынын жалгыз өзү жазып, 65 басма табак көлөмүндө даярдаган "XX кылымдагы кыргыз адабиятынын тарыхы" аттуу окуу китеби чыккан.
Акын адабий сын макалаларын, ырларын студент кезден эле жарыялай баштаган. "Чалгын" аттуу алгачкы китеби 1962-жылы жарык көргөн.
Автор Расул Гамзатовдун, Мирсаид Миршакардын ырларын, поэмаларын, чыгыш классиктери Жусуп Баласагындын, Мырза Шафинин поэзиясын кыргыз тилине которгон.
Артыкбаев 40 жыл университетте устат педагог катары үзгүлтүксүз эмгектенүү менен республикада жүздөгөн, миңдеген филологдорду, журналисттерди, илимий педагогикалык кадрларды даярдап берүүгө активдүү катышып келген. Профессордун илимий жетекчилиги менен 15ке жакын илимдин кандидаты даярдалып, өзүнчө илимий мектеби түзүлгөн.

Сыйлыктары

1958-жылдан СССР Журналисттер, 1962-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон. 2001-жылы Даңк медалы, 2006-жылы Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу наамын алган. Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Ардак белгиси ордени, Эмгек ветераны медалы, Эмгек мелдешинин жеңүүчүсү, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө сиңирген эмгеги үчүн "Кыргыз тили" төш белгиси, КПСС БКнын, СССР Министрлер Советинин, ВЛКСМ БКнын жана Кыргызстан ЛКЖС БКнын, Маданият министрлигинин, редакциялардын ардак грамоталары менен сыйланган.
1992-жылы Кыргыз Республикасынын Коомдук илимдер академиясынын академиги, 1999-жылы Эл аралык Айтматов атындагы академиясынын ардактуу академиги болуп шайланган. Ошондой эле СССРдин эл агартуусунун, Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги.
Акын 2009-жылдын 12-ноябрында 74 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.
Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Асанбек Стамов. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.08.2023
Асанбек Стамов — өмүр баяны
Жаңылыктар түрмөгү
0