НАТОнун Steadfast Noon 2021 машыгуусунун сырлары. Максаты эмне?

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүВ Польше размещен батальон НАТО
В Польше размещен батальон НАТО - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.10.2021
Жазылуу
Түндүк атлантикалык альянс 18-25-октябрь күндөрү Түштүк Европанын аймагында 14 мүчө мамлекеттин катышуусунда Steadfast Noon 2021 аскердик окууларын өткөрүүдө.
Кошмо Штаттар европалык союздаштары жана өнөктөштөрүн "россиялык коркунучтан" термоөзөктүк бомбалоочу учактары менен "куткаруу" вариантын кароодо.
Реалдуу кооптуулуктун изи да жок, бирок B61 термоөзөктүк америкалык бомбалар Бельгия, Германия, Италия, Нидерланд жана Түркиянын арсеналдарында, андыктан Вашингтон ойдон чыгарылган шылтоо менен Европаны каалаган убагында "тегиздеп" коё алат. Аналог катары Ирак, Югославия, Ливия, Сирияга карата себепсиз агрессиясын мисал келтирүүгө болот. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко Батыштагы ушул аскердик иш-чаранын жүрүшүнө баам салган.
Россиялык Су-25 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.10.2021
Россиялык Су-25тер Тажикстанда: кол салгандын катыгын берүүгө даярдык
НАТО 18-25-октябрь аралыгында 14 мүчө мамлекетинин күчтөрүнүн катышуусунда Түштүк Европада Steadfast Noon 2021 машыгууларын өткөрүүдө. Аскердик окууда бортунда өзөктүү куралды ташып, колдоно да алган ондогон истребитель жана бомбалоочу, ошондой эле ыраактан радиолокациялык байкоо салуучу жана май куюучу учактары колдонулат. Машыгуу ушул таптагы дүйнөлүк окуяларга байланышы жоктой көрсөтүлүп, "коопсуздук, ишенимдүүлүк жана НАТОнун өзөктүк ооздуктоо каражаттарынын майнаптуулугун камсыздоого" мүмкүндүк берет. Айрыкча АКШнын B61-12 термо өзөктүк бомбалары аталууда.
Мурдараак Кошмо Штаттардын Аскер-аба күчтөрүнүн полигондорунда заманга бапташтырылган тактикалык B61-12 бомбаларын жаңы F-35A менен F-16C учактарын интеграциялоо аяктаганы маалым. Европада "кош багыттагы" истребитель жана бомбалоочу учактар жана алар үчүн Бельгия, Германия, Италия, Нидерланд жана Түркиядагы америкалык базаларда В61 тибиндеги жалпы кубаттуулугу 18 мегатонналык 200 өзөктүк бомба сакталат. Бул 1945-жылы жайында АКШ кубаттуулугу 20 тонналык бомбаны пайдалануу менен Хиросимада 900 өзөктүк жардырууга барабар, ошол каргашада Япония 200 миң кишинин сөөгүн тапкан. Вашингтондун европалык союздаштары B61-12нин бир эле бирдиги болжол менен эки Хиросима экенинен кабардарбы?
Фактыларга гана таяналы. Программаланган кубаттуулуктагы B61-12 заманга ылайыкташтырылган бомбасы Европадагы эскилиги жеткен америкалык өзөктүк ок-дарыны алмаштырууга багытталган. Мээлөө тутумуна ээ жана өзгөртүлүп турчу кубаттуулугу 50 килотоннага чейин жогорулатылган. Пландай алат, учурулган жерден 30 чакырым аралыктагы бутасына дейре жетет.
НАТОнун Steadfast Noon окуулары Европа өлкөлөрүндө жыл сайын өткөрүлөт. Америкалык авиациядан сырткары, мындай машыгууларда адатта германиялык, голландиялык, бельгиялык жана италиялык истребителдер пайдаланылат. Расмий маалыматтар боюнча Steadfast Noon 2021 окуулары Түштүк Европанын аба мейкиндигинде өтүүдө. Иш жүзүндө америкалык аталган термоөзөктүк бомбасын алуу, ташуу жана шарттуу колдонууга машыгып жатышат. Окуулардын алкагында учуштарда бомба колдонулбайт, бирок Италиянын түндүк тарабындагы Геди жана Германияда Бюхелдеги авиабазаларда чындап эле программалап, учактын бөлүктөрүн толтуруп жатышат.
Украинанын куралчан аскерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2021
Украинага америкалык курал жеткирилди: мындан ары эмне болот?
DPA агенттиги Бюхелдеги базада B61 тибиндеги 20 даана америкалык өзөктүк бомба сакталарын маалымдаган. НАТОнун ич ара пикир келишпестиктери мындай аскердик оюндардын технологиялык кынтыксыздыгы жана коопсуздугунан шек санатат. Уюмдун өзөктүк саясатына ылайык ага мүчө мамлекеттер чукул кырдаалдарда Европада жайгашкан куралдарды пайдаланууга акылуу. Бирок жагдайдын өзгөчөлүгүн ким аныктайт?
Шейшембиде Пентагондун башчысы Ллойд Остин Киевде Донбасстагы окуялар тууралуу: "Келгиле, так айталы, бул согушту Россия тутантты", - деди. Ошондой эле Остин Кошмо Штаттар Украинанын мүмкүнчүлүктөрүн мындан ары да бекемдеп, Россиянын "агрессиясын" ооздуктай берерин билдирди.
Мурда НАТО Приднестровьедеги россиялык тынчтык орнотуучулар Молдованын суверенитетин бузуп жатат деген бүтүмгө келип, эгемен мамлекеттердин ишине "кийлигишпөөнү" талап кылган. Анан да Вашингтон Крымдын Россияга кайтарылышын, Абхазия жана Түштүк Осетиянын мамлекеттик өз алдынчалыгын тааныгысы жок. Кошмо штаттар Чакан жана орто аралыктагы ракеталарды жок кылуу жөнүндөгү келишимден бир тараптуу чыгып, жер бетине ылайыкталган орточо алыстыктагы мобилдик ракеталык тутумду иштеп чыгууда.
Балтика өлкөлөрүндөгү окууларда америкалык бомбалоочу учактар РФтин Калининград облусуна жана Петербургга шарттуу өзөктүк сокку урууга машыгышат. Ал эми альянстын согуштук кемелери Россиянын чек араларынан өтүп кетип, буга жообун да алып келишет.
Андан мурун Россия Германияны Өзөктүк куралды жайылтпоо жөнүндөгү эл аралык келишимди бузуп жатканы үчүн айыптаган. Өзүнө таандык өзөктүк арсеналы болбосо да Германия бул типтеги куралдарды пайдаланууга машыгуу үчүн аскер кызматкерлерин жана учактарын берип, АКШ менен НАТОнун өзөктүк согушка карай багытына ыктап барат. Польшанын Аскер-аба күчтөрүнүн F-16 истребителдеринин да ушундай иш-чараларга катышы да кооптондурат. Батыштык эксперттер өзөктүк согуш коркунучу жогору экенин, америкалыктар "от менен, башкача айтканда кыямат-кайың менен ойноодо" деп тегин жерден белгилешпесе керек.
Вашингтон эл аралык таасиринен тайган сайын "Кошмо Штаттардын үлкөн кастарын жок кылуу стратегиясын ишке ашырууга" далбас урууда. Анткен менен америкалык негизги борборлор да АКШ чет жерде аскерлерин жайгаштыруу жана дүйнөдө аскердик күчүн пайдаланууну азайтууга тийиш деген бүтүмгө келишти. Мындай жагдайда Россиянын коңшулары дипломатия тирештен артык экенин түшүнгөнү дурус.
Испытание гиперзвуковой ракеты Циркон - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.10.2021
"Циркондун" Ак деңиздеги ийгилиги. Россиялык гипер үндүү ракетанын өзгөчөлүгү
Steadfast Noon өзөктүк машыгуулар жана куралданууга эбегейсиз көлөмдөгү каржы зарыл. B61-12 бомбасын жакшыртууга эле Америкадагы салык төлөөчүлөрдүн 10 миллиард доллары сарпталат. Бундесвердин жаңы бомбалоочуларына 8 миллиард евро керек (бул каражатка 1 миллион кишинин бейтапкана акысын жабууга болот).
ЕБ коомчулугу жыл сайын өтүүчү Steadfast Noon окууларын, "өзөктүк катышууну" токтотууну жана америкалык өзөктүк бомбаларды өндүргөн өлкөсүнө кайтарууну талап кылышат. "Гринпис" уюму өзөктүк курал боюнча да Россия менен жаңыча стратегиялык сүйлөшүүлөрдүн убагы келгенин белгилейт. АКШ менен НАТОнун саясатчылары жана стратегдери кулак салаар бекен?
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
Жаңылыктар түрмөгү
0