Тоюнда 60 кг алтын тагынган келин баса албай... Кытайда тартылган видео

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүҮйлөнүү үлпөтү. Архив
Үйлөнүү үлпөтү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.10.2021
Жазылуу
Кытайдын каада-салты боюнча, келин алып жаткан үй-бүлө кудаларына 200 миң юань (31 миң долларга чукул акча) жана бир батир бериши керек.
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Кытайлык келин үлпөт тоюнда келечектеги жолдошу белек кылган салмагы 60 килограммдык зер буюмдарды тагынып чыкты. Бул тууралуу Timesnownews.com жазды.
Окуя Хубэй провинциясында болгон. Зер буюмдарды каада-салтка ылайык кайын журту кызга калың катары берген. Жигиттин туугандары бир нече алтын билерик, ар бири бир килограмм болгон 10 алтын шуру белек кылды.
Анын баарын тагынып алган келинчек өзү баса албай калгандыктан жолдошу жөлөп-таяп жүргөн.
Тойдо тартылган сүрөттөрдү Кытайда жана Индияда катуу талкууга алышты. Кытайдын каада-салты боюнча, келин алып жаткан үй-бүлө кудаларына 200 миң юань (31 миң долларга чукул акча) жана бир батир бериши керек.
Жаңылыктар түрмөгү
0