20:40 23 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7875
  • EUR98.7011
  • RUB1.1965
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши (263)
137 0 0

Делегациялар дипломатиялык мамилелерди жакшыртууга күч-аракет жумшай турганын айтып, мындай жолугушууларды дагы өткөрүп турууну макулдашкан.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. "Талибан"* кыймылы түзгөн өкмөттүн өкүлдөрү Катарда Американын делегациясы менен афгандыктарга гуманитардык жардам жеткирүүгө жана кайрымдуулук уюмдарына көмөктөшүүгө макулдашты. Эки күндүк жолугушуу тууралуу талибандар тараткан маалыматтарда айтыларын РИА Новости жазды.

Катардагы жолугушуу талибандардын өкмөтү үчүн алгачкы чет өлкөлүк сапар болду.

"АКШ менен Афганистан Ислам Эмирлигинин эки күндүк сүйлөшүүсү ийгиликтүү өттү. Жолугушууда саясий маселелер кенен талкууланды. Ислам Эмирлиги Доха келишиминин толук аткарылышын көйгөйдү чечүүнүн эң жакшы жолу деп эсептейт. Американын делегациясы афгандыктарга гуманитардык жардам көрсөтөрүн, ошондой эле башка кайрымдуулук уюмдарга жардам жеткирүүдө кеңсе бөлүп берерин билдирди", — деп айтылган талибдердин билдирүүсүндө.

Ошол эле учурда афган делегациясы "гуманитардык жардам саясий маселелер менен байланышпашы керектигин" белгилеген.

Мындан тышкары, делегациялар дипломатиялык мамилелерди жакшыртууга күч-аракет жумшай турганын айтып, ушундай жолугушууларды дагы өткөрүп турууну макулдашты.

АКШнын аскерлери Афганистанда 20 жыл тургандан кийин 2021-жылдын августунун соңунда толугу менен чыгып кетти. Август айынын башында "Талибан"* кыймылы Афганистандын аскер күчтөрүнө чабуулун активдештирип, 15-августта Кабулду басып алган. Анын эртеси эле согуш токтогонун жар салышкан. Августтун акыркы эки жумасы америкалык аскерлердин көзөмөлүндө болгон Кабул аэропортунан Батыштын жарандары жана алар менен кызматташкан афгандар массалык түрдө эвакуацияланган. 31-августка караган түнү дээрлик 20 жылга жакын Афганистанда болгон АКШ аскерлерин Кабул аэропортунан чыгарып кетишкен.

Сентябрь ичи талибдер убактылуу өкмөттүн курамын бекитип, чет мамлекеттерден расмий өкүлдөрдү кабыл алып сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

* — Кыргызстан, Россия жана башка бир катар мамлекеттерде тыюу салынган уюм.

Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши (263)

Тема боюнча

АКШ афган качкындарын кабыл алууну жандантты. Күнүгө 1000ден киши кирет
АКШ: сенаторлор өз бийлигинин Афганистандагы катасын иликтөө демилгесин көтөрдү
Белгилер:
АКШ, Афганистан, "Талибан" кыймылы, гуманитардык жардам, макулдашуу

ЭҢ МААНИЛҮҮ