05:28 01 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7888
  • EUR96.2310
  • RUB1.1321
Дүйнөдө

Крокодилди таштанды салган үкөк менен кармап алган кишинин видеосу

Кыскача шилтеме алуу
897 0 0
© YouTube / WESH 2 News

Видео Флоридада тартылган. 26 жаштагы Юджин Боззи короосунда өзүнүн иштери менен алек болуп жүргөндө балдары үйдүн жанына крокодил келип алганын билдирген.

АКШ армиясынын ардагери Боззи таштанды салган үкөктү алып чыгып, анын оозун ачып, аллигаторду көздөй түртүп жылдыра баштаган. Жырткыч айбат кылып, бирок улам кетенчиктеп отуруп, тамдын түбүнө такалып калган. Ага жакындап барган Боззи капкакты жаап жибергенде чочуп кеткен аллигатор үкөктүн ичине капыстан кирип кеткен.

Аны "туткундап" алган мурдагы аскер үйүнүн жанындагы көлмөгө дөңгөлөктүү үкөктү сүйрөп барып, оозун ача сала артка чуркаган. Эркиндикке чыккан крокодил бир саамга кыймылсыз жаткандан кийин сууга кирип кеткен.

Тема боюнча

Баары бир күчтүү экен. Арстан менен крокодилдин суу ичинде кармашкан видеосу
Сейрек көрүнүш. Жейрендин крокодилден кутулуп кеткен видеосу
Белгилер:
АКШ, Флорида, аллигатор, таштанды

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ