13:28 04 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7946
  • EUR95.7543
  • RUB1.1499
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши (281)
251810

Тажик бийлигине мындай сынды социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кыймылдын өкүлү Инамулла Самангани жазды.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Афганистандын жаңы бийлиги болуп эсептелген Талибан* кыймылы Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду өлкөдө демократия жетишсиз деп сындады. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан жазды.

Тажик бийлигине мындай сынды социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кыймылдын өкүлү Инамулла Самангани жазды. Twitter тармагында ал Эмомали Рахмондун саясатына нааразы экенин билдирди.

"Ал президенттик тактыда 27 жылдан бери отурат. Эми дагы алты жыл өлкөнү башкарып, андан ары дагы бул кызматта калып калышы мүмкүн. Тажикстанда өкмөттүк беш партия гана шайлоого катыша алат. Анан ушул адам Афганистанда шайлоону кантип өткөрүшү керектигин үйрөтөбү?" — деди Самангани.

Агенттиктин жазганына караганда, талибдер буга чейин Тажикстанды эки ирет сындаган. Аптанын башында Афганистандын жаңы шайланган премьер-министринин орун басары Абдул-Гани Барадар "Тажикстан Афганистандын ички иштерине кийлигишип жатат" деп айтып чыккан.

Казакстандын Афганистандагы элчиси Алимхан Есенгелдиев Талибан* өкмөтүнүн тышкы иштер министри Амир Хан Муттаки менен жолугушуусу
© Фото / пресс-служба Министерства иностранных дел Республики Казахстан
Көп өтпөй премьер-министрдин экинчи орун басары Абдул-Салам Ханафи тажик лидери Эмомали Рахмондун "Афганистанда инклюзивдүү өкмөт түзүү керек" деген сөзүнө өлкөнүн ички иштерине кийлигишүүсүн токтотпосо, тийиштүү жообун аларын айткан.

* — Кыргызстан, Россия жана башка бир катар мамлекеттерде тыюу салынган уюм.

Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши (281)

Тема боюнча

Казакстан Талибан* өкмөтүнө элчисин жиберип, сүйлөшүү жүргүздү
Мирзиёев: өзбек чек арачысы Афганистан менен чектешкен жерде атышуудан көз жумду
"Талибан"* кыймылы: сакал алууга тыюу салган эмеспиз
Белгилер:
Афганистан, Тажикстан, Эмомали Рахмон, сын, саясат

ЭҢ МААНИЛҮҮ