22:25 26 Теке 2021
Түз эфир
  • USD84.4100
  • EUR99.5152
  • RUB1.1392
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
142 0 0

Израиль менен Палестинанын "Хамас" кыймылы 21-майда ок атышпоону макулдашканы менен кайрадан кагылышуу болгон.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Тель-Авивдин борборунда тынчтыкты жана палестин-еврей өнөктөштүгүн колдогон митинг өттү. Бул тууралуу РИА Новости Израиль менен Палестина жаңжалын тынчтык жолу менен чечүүнү жактаган адам укугун коргоо уюмуна шилтеме берип жазды.

Акцияга чыккан миңдеген адамдын "өнөктөштүк үчүн" жана "тынчтык" деп кыйкырганы айтылат.

Митингди укук коргоо органдары көзөмөлдөгөн. Аларга жазуучу Дэвид Гроссман менен Израилдин солчул жана араб партияларынын өкүлдөрү болгон саясатчылар кайрылды. Митингчилер палестиналыктар менен толук кандуу тынчтык мамиледе болууга чакырды.

Израиль менен Палестинанын "Хамас" кыймылы 21-майда ок атышпоону макулдашкан. Ал күчүнө киргенден бир нече саат өткөндөн кийин Иерусалимде Израиль полициясы менен палестиналыктардын ортосунда кагылышуу болгон.

Израиль менен Газа тилкесинин ортосундагы жаңжалдын 10-майда курчуганы маалым. Палестина бийлигинин айтымында, Газада 243 адам көз жумуп, эки миңге чукул адам жаракат алган. Израилде 12 адам каза болуп, 300дөн ашуун адам жарадар болду.

Тема боюнча

Убактылуу баш паанек сурап БУУга 40 миңге чукул палестиналык кайрылды
Газа тилкесинде көз жумган палестиналыктардын саны 181ге жетти
Белгилер:
кагылышуу, тынчтык, Палестина, Израиль, Тель-Авив

ЭҢ МААНИЛҮҮ