17:38 18 Кулжа 2021
Түз эфир
  • USD84.5723
  • EUR100.7425
  • RUB1.1710
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
155 0 0

Спортчу кыз Bellator уюму менен 2019-жылдын аягында келишим түзгөн. Деген менен коронавирус пандемиясынан улам беттешке чыга албай келген.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Россиялык ММА мушкери Диана Авсагарова Bellator уюмундагы дебюттук таймашында эле кубаттуу соккусу менен атаандашын оор нокаутка кетирди. Бул тууралуу Championat.com сайты жазды.

"Пантера" каймана аты бар суйкайган кыз америкалык атаандашы Тару Граффты 29 секундада сулата чапкан.

22 жаштагы атлет кыз түбү Түндүк Осетиядан болот. Ал жаш кезинде арм-рестлинг, фехтования жана кикбоксинг менен машыккан. Кийин аны эркин күрөшкө киргизишкен.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Diana Avsaragova (@pantero_57_)

Ал күрөш менен алты жылдай машыгып, спорт чебери наамын алган. Диана жаштар арасында Россиянын чемпиону жана көптөгөн мелдештерде жеңүүчү болгон. Ал Түндүк Осетияда да, Москвада да машыккан. Спортчу беш жыл бою Россиянын борборундагы мушкерлер үчүн пансионатта болуп, кийин үйүнө барган. Диана үчүн үй-бүлөсүнүн кашында машыгуу ыңгайлуу болгонун белгилеген. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Diana Avsaragova (@pantero_57_)

Осетиялык сулуу кыз белгилүү мушкер, учурда UFC уюмунун өкүлү Лиана Жожуа менен таанышкандан кийин ММА спорту менен машыга баштаган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Diana Avsaragova (@pantero_57_)

Алар тез эле достошуп, өнөрлөрүн өркүндөтүү үчүн бири-бирине жардам бере башташкан. Өзгөчө күрөштү өздөштүрүшкөн. 2017-жылы Лиананын Emir Fighting Championsips уюмунда беттеши пландалган. Ошол учурда Авсагарова курбусунан өзү үчүн да беттеш уюштурууну өтүнгөн. Алар экөө тең таймашка чыгышып, өз атаандаштарын мөөнөтүнөн мурда утушкан. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Diana Avsaragova (@pantero_57_)

Авсагарова көбүнесе кичи мекениндеги Alania Fighting Team клубунда машыгат. Ал эми окуу-машыгууларды өткөрүүдө Грозныйдагы "Ахмат" клубуна барат. Спортчу дал ушул клубдун атынан мелдештерге чыгат.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Diana Avsaragova (@pantero_57_)

Диананын ММА спортундагы карьерасы эми гана башталган. Bellator уюмуна чыкканга чейин атлет эки беттеш өткөрүп, экөөндө тең жеңүүчү болгон. Ал Bellator менен келишимди 2019-жылдын аягында түзгөн. Ошол кезде ал лигадан мындай сунуш болорун күткөн эместигин айтат. Диана промоушендеги алгачкы беттешин мурда эле пландаган, бирок коронавирус пандемиясынан улам ал ишке ашпай калган. Жагдай, шарттарга карабастан мушкер өз калыбын жоготпой, беттешти күтүп, үйдө машыгуусун уланткан.

Тема боюнча

Үчүнчү ирет! Макгрегор Порье менен качан беттешери так айтылды
Белгилер:
нокаут, мушкер, Россия

ЭҢ МААНИЛҮҮ