00:01 16 Үчтүн айы 2021
Түз эфир
  • USD84.4817
  • EUR102.4848
  • RUB1.1487
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
56 0 0

Козак бийликке келген Жо Байден вице-президент кезинде Вашингтондун тышкы саясатында Украина маселесин көзөмөлдөп келгенин белгиледи.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. АКШдагы бийликтин алмашуусу Донбасстагы кырдаалды жөнгө салуу процессине таасир этер-этпесин божомолдоо кыйын, бирок бир нерсе өзгөрүшү керек. Мындай пикирин РФ президентинин администрация жетекчисинин орун басары Дмитрий Козак "норманд төрттүгүнүн" жолугушуусунан кийин суроолорго жооп берип жатып билдирди.

Эскерте кетсек, Украинанын чыгышындагы абалды жөнгө салуу үчүн түзүлгөн төрттүктүн (Германия, Россия, Украина, Франция) жетекчилеринин саясий кеңешчилери 12-январь күнү Берлинде жолуккан.

АКШ бийлигине Жо Байдендин келиши төрттүктүн ишине кандай таасир этери тууралуу суроого жооп берген Козак негизинен өзгөрүү болушу керектигин билдирди.

"Бир нерсе өзгөрсө керек. Бирок божомолдоо... АКШ өз алдынчалуу эгемен мамлекет, тышкы саясатынын багытын да өзү аныктайт", — деди Козак.

РФ президентинин администрация жетекчисинин орун басары бийликке келген Жо Байден вице-президент кезинде Вашингтондун тышкы саясатында Украина маселесин көзөмөлдөп келгенин белгиледи.

Тема боюнча

"Норманд төрттүгү" эмнеге жетишти. Козак жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу
"Россия сегодня" менен кызматташкан журналист: бийлик бизди коркутуп жатат
Белгилер:
Донбасс, Украина, бийлик, жолугушуу, Нормандиянын төртилиги, Дмитрий Козак, АКШ

ЭҢ МААНИЛҮҮ