11:32 25 Бирдин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.6179
  • EUR102.9631
  • RUB1.1473
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
26501

Норма Компальо Лондондо өткөн "Дүйнө сулуусу-1960" сынагын уткан. Ал мындай титулду жеңип алган алгачкы аргентиналык айым болгон.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. 60 жыл мурда дүйнө сулуусу болгон аргентиналык Норма Компальону автобус сүзүп каза болду. Бул тууралуу Nacion маалымат булагына таянып РИА Новости жазды.

Мурдагы дүйнө сулуусу Буэнос-Айресте өткөн бейшембиде дүкөнгө бара жатканда кырсыкка кабылган. Компальо светофордо жашыл жанып, жолдун уруксат берилген жеринен өтүп баратканда  автобус сүзүп кеткен.

Аны ооруканага алып келишип, дарыгерлер айымдын өмүрүн сактап калууга болгон аракетин жасашкан. Кырсыктан беш күн өткөндөн кийин каза болгон.

Норма Компальо Лондондо өткөн "Дүйнө сулуусу-1960" конкурсун уткан. Ал мындай титулду жеңип алган алгачкы аргентиналык айым болгон. 21 жаштагы Компальо ошол кезде титулдан сырткары спорттук автоунаа жана ири суммадагы акчалай байге уткан.

Тема боюнча

Легендарлуу футболчу Диего Марадона көз жумду
Түндө "Дүйнө сулуусу" Сания Шакирова жол кырсыгына кабылып каза болду
Белгилер:
Аргентина, Дүйнө сулуусу, өлүм, кырсык

ЭҢ МААНИЛҮҮ