18:40 19 Үчтүн айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7995
  • EUR102.6837
  • RUB1.1502
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
2020-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары (44)
86 0 0

Эл аралык олимпиада комитети коронавирус пандемиясынан улам жайкы Олимпиада оюндарын кийинки жылга жылдыруу боюнча чечим кабыл алган.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Токиодо өтө турчу олимпиада оюндарынын катышуучуларына коронавирустун вакцинасы жете турган болсо, Эл аралык олимпиада комитети эмдөөгө кеткен каражатты өз мойнуна алат. Бул тууралуу комитеттин башчысы Томас Бах билдиргенин "Р-Спорт" басылмасы жазды.

Буга чейин комитеттин президенти коронавируска каршы вакцина мелдеш өтө турчу убакытка даяр жана жеткиликтүү болсо, Олимпиада катышуучуларынын баары коронавируска каршы эмделе турганын айткан.

"Вакцинаны биринчи кезекте дарыгерлер, медиктер сыяктуу коомдун жашоосун кармап турган адамдар алышы керек. Эгер ошондон кийин вакцина жете турган болсо, анда комитет мелдештин катышуучуларын эмдөөгө кеткен каражатты өз мойнуна алат", — деди Бах.

24-мартта Эл аралык олимпиада комитети коронавирус пандемиясынан улам жайкы Олимпиада оюндарын кийинки жылга жылдыруу боюнча чечим кабыл алган. Оюн 2021-жылдын 23-июлунан 8-августуна чейин өтүшү күтүлүүдө.

Тема:
2020-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары (44)

Тема боюнча

Атабек Азисбеков: Токио Олимпиадасында мен үчүн ыңгайсыз атаандаш болбойт
Белгилер:
эмдөө, вакцина, коронавирус, олимпиада, Токио

ЭҢ МААНИЛҮҮ