Лавров: Беларустагы конституциялык реформаны колдойбуз

© Sputnik / Виктор Толочко / Медиабанкка өтүүМинсктеги нааразычылык акциялары
Минсктеги нааразычылык акциялары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын Беларусь тууралуу позициясын өлкөнүн тышкы саясат боюнча ведомствосунун жетекчиси Лавров билдирди.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Россия Беларустагы бардык саясий күчтөр кирген жалпы улуттук диалогду курууга белсенген конституциялык реформаны колдойт. Бул тууралуу ТИМ жетекчиси Сергей Лавровдун айткандыгын РИА Новости билдирди. 

"Беларусь туурасындагы маселеге келсек, президент Лукашенко сунуштаган конституциялык реформа жалпы элди кепке келтирүү үчүн жакшы себеп болуп берет. Бардык саясий күчтөр кирген, биз да колдогон бул багыт эң ылайыктуусу болуп турат", — деди Лавров россиялык радиостанцияларга, анын ичинен Sputnik радиосуна маек берип жатып.

Путин менен Лукашенко эмне тууралуу кеп кылышты? Жолугушуунун урунттуу учурлары

Беларустагы массалык нааразычылык акциялары 9-августта, президенттик шайлоонун жыйынтыгы чыккан соң башталган. Анда мамлекеттин азыркы лидери Александр Лукашенко алтынчы ирет жеңип чыккан. БШК президенттин добуштардын 80,1 пайызын алгандыгын билдирген. Ошондон бери өлкөдө саясий абал тынчыбай, митинг коштогон окуялар улам кайталанып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0