Испания: ресторанда жөтөлүп, вирус жуктурам деп коркуткан киши камалды

Жазылуу
Ресторандын кардарлары полицияга кайрылып, мас адам столдорду аралап, элди карап жөтөлүп COVID-19 жугузам деп коркутканын айтышкан.

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Испаниянын Мальорка курортунда эс алып жүргөн британиялык турист ресторанда отургандарды карап жөтөлгөнү үчүн камакка алынганын The Daily Mail басылмасы жазды.

Окуя популярдуу Санта-Каталина туристтик аймагында болгон. Ресторандын кардарлары полицияга кайрылып, мас адам столдорду аралап, жөтөлүп COVID-19 жугузам деп коркутканын айтышкан.

Индияда бриллиант чөгөрүлгөн бет каптар сатыла баштады

Укук коргоо органдарынын кызматкерлерин көргөн 43 жаштагы киши качып кетүүгө аракет кылып, каршылык көрсөткөн. Бирок аны убагында кармап, полиция бөлүмүнө алып келишкен. Коронавируска тапшырган тести таза чыккан.

Британиялык адамга качууга аракет кылганы үчүн гана айып тагылган. Анализи коронавирусту көргөзгөн учурда кардарлардын ден соолугуна зыян келтиргени үчүн жооп бермек.

Жаңылыктар түрмөгү
0