Вирусолог COVID-19дун экинчи толкунуна кантип даярдануу керектигин айтып берди

© Sputnik / Мигель Кандела / Медиабанкка өтүүМедициналык маска кийген шаар тургундары. Архив
Медициналык маска кийген шаар тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус пандемиясынан жаралган коркунуч дагы деле бар экендигин айтып, жакында анын экинчи толкуну болушу ыктымал деп билдирген.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. COVID-19дун божомолдонуп жаткан экинчи толкунуна даярдануу үчүн сергек жашоо образын кармануу керек. Бул тууралуу Россиядагы Гамалеи атындагы илимий-изилдөө борборунун профессор-вирусологу Анатолий Альтштейнге таянып РИА Новости жазды.

"Вирустун кийинки толкунуна кам көрүүнүн бир гана жолу бар — ал ден соолукту чыңдоо. Сергек жашап, спорт менен алектенгендер ошонусунан жазбасын. Ал эми жаман адаттары барлар алардан арылып, ден соолугун бекемдеши керек”, — деди Альтштейн.

Адистин айтымында, тажрыйба ден соолугу чың адамдар вирусту салыштырмалуу жеңил жана тоскоолдуксуз өткөрөрүн көрсөттү.

Жакында эле Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус пандемиясынан жаралган коркунуч дагы деле бар экендигин айтып, жакында COVID-19дун экинчи толкуну болушу мүмкүндүгүн билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0