19:36 05 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD74.2343
  • EUR84.1186
  • RUB1.0816
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
148 0 0

Америкалыктар АКШ — Россия — Кытай конфигурациясында күчтөрдүн балансын өзгөртүүгө таянуу менен негизги саясий үчтүктү бузуу аракетин күчөтүүдө.

Кеп мында коронавирустан улам кызыган америка-кытай мамилесиндеги тиреш жөнүндө эмес, маселе СНВ-3 келишимин узартуунун айланасындагы оюндарда. Бул оюндар өзөктүк куралга гана тиешелүү эмес, АКШ үчүн негизги бута — россия-кытай мамилеси экенин белгилейт серепчи Петр Акопов. 

Стратегиялык чабуулдук курал-жарактар жөнүндөгү россиялык-америкалык келишим мөөнөтүнүн бүтүшүнө сегиз айдан бир аз ашыгыраак гана убакыт калды. Эгер ал узартылбаса, дүйнө жарым кылымдан бери алгач ирет эки өзөктүк державанын ортосундагы стратегиялык өзөктүк күчтөрдү чектөө жөнүндөгү макулдашуусуз калат. Курал-жарак жарышында бардык чектөөлөр алынат.

Россия келишимди узартууну (же жаңысын түзүүнү) сунуштайт. Сүйлөшүүлөр баштала да элек, ал эми убакыт тарыгандан тарып барат. Коронавирустун айынан киргизилген карантин убакытты ого бетер кыскартканын айтпай эле коелу.

Өткөн аптада Дональд Трамп Владимир Путин менен болгон телефон аркылуу байланышында сүйлөшүүлөрдү кайрадан баштоого чакырды. "Келечектеги талкууларды чыдамсыздык менен күтүп" жатканын, анткени "курал-жарактын кымбатка турчу жарышын алдын алуу" керектигин айтты.

Муз козголдубу? Жок, себеби "Кошмо Штаттар курал-жаракты натыйжалуу көзөмөлдөөнү жактайт, буга Россия гана тургай, Кытай да камтылат".

Дал ушул сөзүндө СНВ-3 келишимин узартуудагы негизги тоскоол катылат, америкалыктар жаңы келишимди эки эмес, үч тараптуу негизде түзүүгө кызыкдар. Таптакыр каршы чыккан Кытайды буга кошкусу бар.

Пекиндин жүйөсү негиздүү, Кытай атомдук куралды 1964-жылы гана, АКШ жана СССРден кыйла кеч алган. Куралдануунун советтик-америкалык жарышы жүрүп, кыскартуу жана көзөмөлдөө боюнча келишимдер түзүлүп жатканда "маданий революциянын" дүрбөлөңүнүн далдоосунда калган.

Кытай Эл Республикасы ракеталык-өзөктүк программа менен олуттуу түрдө 70-жылдардын аягынан тарта гана алектене баштады. АКШ менен Россия милдеттенген чектөөлөрдү алууну каалабаганы түшүнүктүү эмеспи. Кытайдын өзөктүк куралынын саны боюнча так маалымат жок, бирок кандай болгон күндө да КЭРдин өзөктүк дарамети (аны жеткирүү каражаты сымал эле) Америка жана Россияныкынан бир нече эсе аздык кылат.

Анткен менен Кытай ачык касташкан америкалык курчоодо турат: АКШнын аскердик базасы, анын ичинде чыгыш жана түштүктөн тарта кытай чек араларынын бардык периметрлеринде жайгашкан өзөктүк курал, Кошмо Штаттар аскердик планда КЭРден бөлүнүп чыккан Тайванды колдойт, ал эми америкалык флот кытай жээгин бойлой жүрөт.

Мындай шарттарда курал-жаракты көбөйтүү боюнча кытай программасын агрессивдүү деп атоого бул державага үстөмдүгүн сактап калууга жана мүмкүн болгон жердин баарында Кытайдын саясатын ооздуктоо саясатын жүргүзүүгө кызыкдар тарап гана агрессивдүү деп атай алат.

Америка Кытайга болгон аскердик, анын ичинде ракеталык-өзөктүк чөйрөдөгү үстөмдүгүн сактап калгысы келгенин жашырбайт. Баары оңойбу? Ооба, бирок анда Россия менен америкалык оюндар башталат. Россиялык-кытайлык стратегиялык жакындашуу бир жетишкендикке алып келген. Былтыр Владимир Путин Пекинге СПРН (ракеталык чабуулдун алдын алуу тутумун) түзүү жаатында жардам беребиз, башкача айтканда, бизде жана америкалыктардын колундагы гана нерседен бөлүшөбүз деп билдирген. Бул аскердик биримдик эмес, бирок ага абдан жакын.

Россия жана Кытай орто мөөнөттүү келечекте да бири-бирин потенциалдуу каршылаш катары карабайт. Ал эми Америкага карата мамиле таптакыр бөлөк.

Биринчи кезекте Кошмо Штаттар өздөрү расмий түрдө Россия менен Кытайды улуттук коопсуздугунун коркунучу деп атайт, тагыраагын же туурасын айтсак, ансыз деле доорун сүрүп бүткөн дүйнөнүн америкалык түзүмүнө коркунуч туудурат. Бирок Россия дагы, Кытай дагы "америкалык дүйнө түзүмүнүн" жоюлушун аскердик ыкмалар менен тездетүүгө ниеттенбейт. Ал АКШнын өзүнүн кадамдары, анын каршылаштарынын кыйла жөнгө салынган аракеттери, биринчи кезекте россиялык-кытайлык байланыштан улам ансыз деле урап барат.

Албетте, АКШнын бир жагынан Россия, экинчи жагынан Кытай менен болгон куралдануу жарышы мындай келишимдерге карабай баары бир жүрөт, бирок кандайдыр бир макулдашуулардын болушу жарышты ооздуктап турууга мүмкүндүк берет.

Россияга дагы, Кошмо Штаттарга дагы бул ылайык келет, эки өлкө тең өзөктүк триадага ээ. Маселе жаңыларын чыгаруу, атап айтканда, жеткирүүнүн жогорку үндүү каражаттарын ойлоп табууда. Кытайды эки тараптуу келишимге байлоонун кажети жок, биринчиден, ал саны жана сапаты боюнча артта. Экинчиден, ал буга караманча каршы. Бирок америкалыктар одоно түрдө айтканынан кайтпай турат. Эмнеликтен?

Жакында эле The Washington Times басылмасына президенттин атайын өкүлү жана мамлекеттик катчынын куралдануу жана эл аралык коопсуздук боюнча болочок (сенат тарабынан бекитилүүгө тийиш) орун басары Маршалл Биллингслинин биринчи маеги жарык көрдү. "Кытайдын катышуусу — Россия менен болгон жаңы СНВ келишимине кол коюуда негизги фактор" деген аталышта чыккан бул маекте ал: "СНВ жаңы келишиминин негизги кемчиликтеринин бири — анда Кытайдын камтылбаганы. Орустар ашыккан жаңы СНВ келишими Кытай жаатындагы биздин кооптонуулар, Россиянын бул келишимдин чегинен тыш бир катар бүлүндүрүүчү аракеттерди жүргүзгөн Россия жаатында Кошмо Штаттарга эч пайдасы болбойт", — деген.

Биллингсли "Москва кайсы бир келишимди узартууну ойлогондон мурун Кытайды сүйлөшүүгө чакырууга тийиш. Башкача айтканда, Кытай катышпаса, Россия менен эч кандай келишим түзүлбөйт" деген тейде түз эле айтат. Бул дегени келишимден таптакыр эле баш тартарын туюндурат.

Бирок эмне үчүн АКШ жүзөгө ашпай турган мындай сценарийди сунуштоодон артка кайтпайт? Тегин жерденби? Россияга басым кылуу үчүнбү? Же дагы бир ирет Кытайды зекип өтүүбү? Же Россия менен Кытайдын ортосуна жик салууга тырышканыбы?

Трамптын атайын өкүлү билдиргендей, Кытайдын жаңы өзөктүк тутуму, анын ичинде кыска ыраактыктагы ракеталары Россияны тынчсыздандырганы оң. Маекте ал: "Кытайдын аракеттери бизге жасалып жаткандай эле аларга да багытталган. Орустар муну моюнга алууга тийиш". Мына ушундай эле баары жөнөкөй. Москвага өзүнүн тышкы саясий стратегиясын өзгөртүүнү — Кытайды Россияга коркунуч экенин таанып, америкалыктар менен болгон үч тараптуу келишимге тартууну сунуштоодо. Бул туурасында олуттуу түрдө АКШ президентинин атайын өкүлү айтууда.

Таң калуунун деле кажети жок. Себеби Кошмо Штаттарда америкалык геосаясатка доо кетирчү, "Россия менен Кытайдын узак мөөнөттүү жакындашуусу мүмкүн эмес, анткени эки өлкөнүн ортосунда эбегейсиз жана жоюлбай турган пикир келишпестиктер бар" деген теория кеңири жайылган. Анан калса, Биллингсли "экономикасынын быт-чыты чыккан", "бүт дүйнөдөн обочолонгон" "регионалдык держава" деп жатпайбы. Россиянын мындай кабылданышы Барак Обамага гана таандык эмес же беш жыл мурун эле түптөлүп калбады. Бул — америкалык элитанын басымдуу бөлүгү эч ойлонбой туруп ишенгени.

Тема боюнча

Аскер эксперти АКШнын Россиядан "шектенүүсү тууралуу": дагы жаза басабы
Саясат таануучу: АКШ менен Кытайдын ортосунда саясий согуш башталышы мүмкүн

ЭҢ МААНИЛҮҮ