АКШ грин-карта берүүсүн токтотту. Трамптын түшүндүрмөсү

© REUTERS / JOSHUA ROBERTSАКШ президенти Дональд Трамп
АКШ президенти Дональд Трамп - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Грин-карта берүү азырынча эки айга токтотулду. Бирок коронавирус пандемиясы жана экономикалык абалга жараша убактысы андан дагы узартылышы мүмкүн.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Америкада туруктуу жашоого уруксат берген документти (грин-карта) чет элдиктерге берүүсүн токтотконун жар салды. Мындай жарлыкка президент 23-апрелде кол койгонун ВВС жазды.

Маалыматка караганда, грин-карта берүү азырынча эки айга токтотулду. Бирок коронавирус пандемиясы жана экономикалык абалга жараша убактысы андан дагы узартылышы мүмкүн.

Мындай чечимдин негизги максаты — Американын коронавирустан улам бош калган жарандарын жумуш менен камсыз кылуу.

"Мен мындай чечимди өзүбүздүн жарандардын кызыкчылыгын коргош үчүн кабыл алдым. Экономика жандана баштаганда жумушка орношуу боюнча биринчи кезекте АКШлыктар турушу керек. Ошондой эле биз мындай жол менен саламаттык сактоо тармагынын ресурстарын америкалыктар үчүн сакташыбыз зарыл”, — деди Трамп.

Бирок бул чектөө учурда АКШга өтө зарыл болуп турган адистиктеги адамдарга тиешеси жок. Мисалы, медиктер грин-картаны эч тоскоолдуксуз ала алат.

АКШнын президенти Дональд Трамп - Sputnik Кыргызстан
АКШ коронавируска байланыштуу киргизилген чектөөлөрдү алууга камынууда
Бул АКШнын жумуш издеген чет элдиктерге койгон биринчи чектөөсү эмес. Буга чейин, тагыраагы, ушул жылдын февраль айында Трамп дагы бир эреже кабыл алган. Ага ылайык, АКШга барган адам жөлөк пулга муктаж эмес, өзүн-өзү каржылай ала тургандай болушу керек болчу.

Белгилей кетсек, учурда Америка коронавирусту жуктуруп алгандардын саны боюнча алдыңкы орунда турат. Дүйнө жүзүндө вируска кабылгандардын саны 2,6 миллион болсо, анын 842 миңи АКШда. Илдет Нью-Йорк, Мичиган, Иллинойс штаттарын өзгөчө каптап, өлкө экономикасын бир топ алсыратууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0