Россиянын опера ырчысы кыргызча созгондо... Эриш-аркак жылынын ачылышынан репортаж

Жазылуу
Эки элдин достугу кубаныч, түйшүк, эмгек жана жаңы жетишкендиктер менен коштолот эмеспи. Россия менен Кыргызстандын эриш-аркак жылынын ачылышы биринчи аныктамасына туура келет. Бул күнү Кремлдин чоң залында алдыдагы 200дөй иш-чарага жол ачкан ири салтанат болду.

Ак калпак менен элечекчен эл Кремлди көздөй салтанаттуу иш-чара башталарына бир нече саат калганда эле агыла баштады. Албетте, бул нерсе жайбаракат жүрүп, шашылбай келген жашоо образыбызга көнгөн мен үчүн күтүүсүз болду.

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүАк калпак менен элечекчен эл Кремлди көздөй салтанаттуу иш-чара башталарына бир нече саат калганда эле агыла баштады
Россиянын опера ырчысы кыргызча созгондо... Эриш-аркак жылынын ачылышынан репортаж - Sputnik Кыргызстан
Ак калпак менен элечекчен эл Кремлди көздөй салтанаттуу иш-чара башталарына бир нече саат калганда эле агыла баштады

Коноктордун арасында Россиянын президентинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой, космонавт Салижан Шарипов, россиялык актриса Анна Большова, кыргызстандык ишкер жана меценат Аскар Салымбеков сыяктуу атактуулар болду. Алар журналисттер менен алдыдагы иш-чара боюнча ой бөлүшүп жатты.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКоноктордун арасында Россиянын президентинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой, космонавт Салижан Шарипов, россиялык актриса Анна Большова, кыргызстандык ишкер жана меценат Аскар Салымбеков сыяктуу атактуулар болду.
Россиянын опера ырчысы кыргызча созгондо... Эриш-аркак жылынын ачылышынан репортаж - Sputnik Кыргызстан
Коноктордун арасында Россиянын президентинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой, космонавт Салижан Шарипов, россиялык актриса Анна Большова, кыргызстандык ишкер жана меценат Аскар Салымбеков сыяктуу атактуулар болду.

Көптөн күтүлгөн гала-концертке бир нече саат калганда Владимир Путин Кремлден Сооронбай Жээнбековду тосуп алды. Пикир алышуу учурунда Путин эки өлкөнүн мамилесиндеги жетишкендиктерди баса белгилеп, Россия Кыргызстандын эң жакын өнөктөштөрүнүн бири экенин баса белгиледи. Жээнбеков анын сөзүн колдоп, Путиндин Кыргызстанга сапары бир топ иштердин башталышына түрткү болгонун айта кетти.

Алты миңдей киши катышкан (баса иш-чарага катышкысы келгендердин саны мындан алда канча көп болду) ачылыш аземинде Владимир Путин бул кызматташтыктын артыкчылыктуу жактарын айта кетти. Тагыраагы, тоо-кен, транспорт жана жаңы технологиялар тармагындагы биргелешкен бир катар долбоорлор тууралуу сөз болду.

Ушул эле учурда Россия энергоресурстардын негизги жеткирүүчүсү экени белгилүү. Ал эми Россиянын ЖОЖдорунда кыргызстандык студенттер мыкты даярдоолордон өтүп жатат.

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүПутин эки өлкөнүн мамилесиндеги жетишкендиктерди баса белгилеп, Россия Кыргызстандын эң жакын өнөктөштөрүнүн бири экенин айтты
Россиянын опера ырчысы кыргызча созгондо... Эриш-аркак жылынын ачылышынан репортаж - Sputnik Кыргызстан
Путин эки өлкөнүн мамилесиндеги жетишкендиктерди баса белгилеп, Россия Кыргызстандын эң жакын өнөктөштөрүнүн бири экенин айтты

Жээнбеков өз кезегинде Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгон 30 жылдан бери эки элдин маданий, руханий жана боордоштук мамилеси мурунку калыбында бекем бойдон калганын айтып өттү. Россия Кыргызстандын эң жакын жана ишенимдүү, ошондой эле узак мөөнөттүү стратегиялык өнөктөшү бойдон кала берет.

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүЖээнбеков Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгон 30 жылдан бери эки элдин маданий, руханий жана боордоштук мамилеси мурунку калыбында бекем бойдон калганын айтты
Россиянын опера ырчысы кыргызча созгондо... Эриш-аркак жылынын ачылышынан репортаж - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгон 30 жылдан бери эки элдин маданий, руханий жана боордоштук мамилеси мурунку калыбында бекем бойдон калганын айтты

Быйыл аяктаганынын 75 жылдыгы белгилене турган адамзаттын тарыхындагы эң чоң апаат Улуу Ата Мекендик согуштун маани-маңызын кийинки урпактарга жеткирүү боюнча да сөз айтылды. РФ лидери Россия менен Кыргызстандын жалпы тарыхты, ата-бабаларыбыздын эрдигин унутпоо үчүн жасаган эмгеги өтө маанилүү экенине токтолуп, Жээнбековду жана КР делегациясын 9-майда Москвада өтө турган салтанаттуу иш-чарага чакырды. Ошондой эле кыргызстандык аскерлер бир катар өлкөлөр менен биргеликте Кызыл аянтта өтө турган Жеңиш парадына катышарына ишеним артты.

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүИш-чаранын расмий бөлүгүнөн кийин гала-концерт болду
Россиянын опера ырчысы кыргызча созгондо... Эриш-аркак жылынын ачылышынан репортаж - Sputnik Кыргызстан
Иш-чаранын расмий бөлүгүнөн кийин гала-концерт болду

Кыргызстандын башчысы да кесиптешин кубаттап, согуш, жоокерлердин эрдиги тууралуу чындыкты кийинки муунга өткөрүп берүү ыйык милдет экенин белгиледи. Аны менен бирге чындыкты коргоп калууда Россиянын эбегейсиз эмгегин баалап өттү.

Иш-чаранын расмий бөлүгүнөн кийин гала-концерт башталып, Кремлде Манас жаңырды. Россиялыктар андан бир нерсе түшүндү деп айтуу оор, бирок манасчынын айланасындагы кыргыз жоокерлери, жаркыраган сахна көңүлдү жаркытып турду.

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүКремлде Манас жаңырды
Россиянын опера ырчысы кыргызча созгондо... Эриш-аркак жылынын ачылышынан репортаж - Sputnik Кыргызстан
Кремлде Манас жаңырды

Айтылып жаткан манас акырындап бийге өтүп, көрөрмандарга кырк чоронун эрдиги көрсөтүлдү. Дал ошол маалда россиялык оператор (москвалык тургун) мага "кыргыз балети шумдук турбайбы" деп жазып жибериптир. Операбызды уга элек экенсиң дедим ичимден.

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүАйтылып жаткан манас акырындап бийге өтүп, көрөрмандарга кырк чоронун эрдиги көрсөтүлдү.
Россиянын опера ырчысы кыргызча созгондо... Эриш-аркак жылынын ачылышынан репортаж - Sputnik Кыргызстан
Айтылып жаткан манас акырындап бийге өтүп, көрөрмандарга кырк чоронун эрдиги көрсөтүлдү.

Андан соң орус элдик мелодия комуз менен жаңырды! Комузчу Закирбек Дүйшөнбек уулу менен балалайка черткен Александр Николайчук чеберчилик жаатында ат салышты. Алар эки элдин музыкасын жаңыртышты. Ал эми көрүүчүлөр бири-бирин түрткүлөп, жанталаша уюлдук аппараттарына тартып жатышты.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКомузчу Закирбек Дүйшөнбек уулу менен балалайка черткен Александр Николайчук чеберчилик жаатында ат салышты
Россиянын опера ырчысы кыргызча созгондо... Эриш-аркак жылынын ачылышынан репортаж - Sputnik Кыргызстан
Комузчу Закирбек Дүйшөнбек уулу менен балалайка черткен Александр Николайчук чеберчилик жаатында ат салышты

Опера ырчысы Анна Аглатованын кыргызча обон созуп жибергени элди таң калтырбай койгон жок. Кыргызстандык кесиптеши Заира Раимбекова экөө "Көл вальсын" аткарышты. Маалыматтарга караганда, россиялык артисттер кыргызча акценти жок ырдаш үчүн абдан көп күн даярданышкан (чын эле акцент анча байкалган жок).

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевОпера ырчысы Анна Аглатованын кыргызча обон созуп жибергени элди таң калтырбай койгон жок
Россиянын опера ырчысы кыргызча созгондо... Эриш-аркак жылынын ачылышынан репортаж - Sputnik Кыргызстан
Опера ырчысы Анна Аглатованын кыргызча обон созуп жибергени элди таң калтырбай койгон жок

Кечеге булардан башка 12 жаштагы Мырзайым Токтосунова менен анын курдашы Алексей Омельчук дагы келди. Алар "Лебединое озеро" менен "Карменди" ксилофондо ойношту.

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев12 жаштагы Мырзайым Токтосунова менен анын курдашы Алексей Омельчук "Лебединое озеро" менен "Карменди" ксилофондо ойношту
Россиянын опера ырчысы кыргызча созгондо... Эриш-аркак жылынын ачылышынан репортаж - Sputnik Кыргызстан
12 жаштагы Мырзайым Токтосунова менен анын курдашы Алексей Омельчук "Лебединое озеро" менен "Карменди" ксилофондо ойношту

Чынын айтканда, журналисттердин баары президенттер көп болсо эки номер көрүп, андан кийин мамлекеттик маселелерди чечүүгө кетет деп ойлошкон эле. Бирок баарыбызды таң калтырып, эки ажо тең концертти аягына чейин отуруп көрүштү да, соңунда кайра сахнага чыгышты.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКонцерт эбак бүтсө да эл көпкө чейин тарабай койду. Бири-бири менен сүрөткө түшүп, кучакташып, сүйлөшүп черлери жазылды
Россиянын опера ырчысы кыргызча созгондо... Эриш-аркак жылынын ачылышынан репортаж - Sputnik Кыргызстан
Концерт эбак бүтсө да эл көпкө чейин тарабай койду. Бири-бири менен сүрөткө түшүп, кучакташып, сүйлөшүп черлери жазылды

Концерт эбак бүтсө да эл көпкө чейин тарабай койду. Бири-бири менен сүрөткө түшүп, кучакташып, сүйлөшүп черлери жазылды. Баары ар кайсы шаарларга кетишет эмеспи, эми качан минтип маңдайы жаркып жолугушат эле?

Жаңылыктар түрмөгү
0